Монголиянын президенти өз эрки менен кызматтан кетүү чечимин кабыл алды

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрэлсүх бүгүн, 17-ноябрда, кызматтык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин расмий жарыялады.

 
Мындай чечим анын дарегине айтылган айыптоолордон жана парламенттеги Демократиялык партиянын фракциясы тарабынан текшерүүдөн өтүү талабы коюлгандан кийин кабыл алынган.
 
«Мен президенттик ыйгарым укуктарымды өткөрүп берем. Өзүмдүн ар-намысымды жана аброюмду калыбына келтирүү үчүн тиешелүү органдарга кайрылам.
 
Парламенттеги Демократиялык партиянын фракциясы менден кызматтан кетип, текшерүүдөн өтүүнү талап кылды. Мен бул талапка макулмун.
 
Мен эч качан калп айткан эмесмин, уурулук кылган эмесмин жана эч кимди алдаган эмесмин. Ошондуктан чындыкты аныктоо жана адилеттүүлүктү коргоо үчүн күрөшөм.
 
Кызматта турган мезгилде эч качан уурулук менен алектенген эмесмин. Тескерисинче, мурда уурдалган нерселерди кайра кайтаргам», — деген ал.
 
Президенттин өз каалоосу менен кызматтан кетишине байланыштуу Монголияда өлкөнүн Конституциясында жана президент жөнүндө мыйзамда каралган тартип колдонулат.
 
Конституцияга ылайык, андан аркы кадамдар кандай болот?
 
Монголиянын Конституциясынын 37-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Президент жөнүндө мыйзамга ылайык, мамлекет башчысы өз каалоосу менен кызматтан кеткен, ыйгарым укуктарынан бошотулган же каза болгон учурда бийлик үзгүлтүксүз иштеши үчүн үч баскычтуу тартип каралган.
 
Парламент президентти кызматтан бошотуу маселесин карайт
 
Президент өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу расмий арызын Улуу Мамлекеттик Хуралга (парламентке) тапшырат. Андан кийин парламент аны кызматтан бошотуу боюнча токтом кабыл алат.
 
Парламент төрагасы президенттин милдетин убактылуу аткарат
 
Жаңы президент шайланып, ант бергенге чейин мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын Улуу Мамлекеттик Хуралдын төрагасы убактылуу аткарат.
 
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлөт
 
Улуу Мамлекеттик Хурал төрт айдын ичинде кезексиз президенттик шайлоону дайындап, өткөрүүнү уюштурушу керек.
 
Өз каалоосу менен кызматтан кетүү жана кызматтан четтетүүнүн айырмасы
 
Саясий чөйрөдө эки учур тең жалпысынан «отставка» деп аталып жүргөнү менен, Монголиянын Конституциясында өз каалоосу менен кызматтан кетүү жана парламент тарабынан кызматтан четтетүү эки башка жол-жобо катары каралган.
 
Конституциянын 35-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, президент төмөнкү үч негиз боюнча гана кызматынан четтетилиши мүмкүн:
 
- Конституциянын жоболорун бузган аракеттерди жасаса же чечимдерди кабыл алса;
- кызматка киришкенде берген антын бузса;
- мыйзамда белгиленген президенттик ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кетсе же аларды бузса.
 
Мындай мыйзам бузуулар аныкталган учурда Улуу Мамлекеттик Хуралдын депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн бири президентти кызматтан четтетүү сунушун киргизе алат. Андан кийин Конституциялык сот бул үчүн мыйзамдуу негиздер бар-жогу боюнча корутунду чыгарат. Акыркы чечим парламенттин жалпы жыйынына катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
 
Бирок азыркы кырдаалда президент Ухнаагийн Хүрэлсүх Конституциялык соттун корутундусун жана парламенттеги добуш берүүнү күтпөстөн, өз каалоосу менен кызматтан кетүү жолун тандады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз