Жаратылыш – тынымсыз аракеттин натыйжасында корголот!
Жаратылышты коргоо – бир жолку иш-чара же белгилүү бир мезгилдик чакырыктар менен гана чектелип калган иш эмес. Ал үзгүлтүксүз аракетти, илимий изилдөөлөрдү, жапайы жаныбарларды коргоону, мыйзамсыз аракеттерди алдын алууну, экологиялык билим берүү менен коомчулуктун активдүү катышуусун талап кылган жумуш. Бул багытта NABU Кыргызстан уюму өлкө аймагында жаратылышты сактоо, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана экологиялык маданиятты жогорулатуу боюнча иштерди улантып келет.Алардын тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен биргеликте уюштурган рейддери, экологиялык сурамжылоолору, жапайы жаныбарларга жүргүзүлгөн мониторингдери жана түшүндүрүү иштери бир эле максатты көздөйт. Ал – Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын сактоо, экологиялык көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүүгө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. Алдыда уюмдун өлкө жаратылышын коргоого кошкон салымы, жасап жаткан иштери тууралуу кеп болот.
Жаратылышты сактоодогу үч айлык
Акыркы үч айда NABU Кыргызстан уюмунун кызматкерлери өлкө жаратылышын коргоо багытындагы ишмердүүлүгүн улантып, бир катар маанилүү жумуштарды жүзөгө ашырды. Атап айтканда, жапайы жаныбарларды жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо, мыйзамсыз аңчылыкты алдын алуу, биологиялык ар түрдүүлүккө мониторинг жүргүзүү жана экологиялык билимди жайылтуу багыттарында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте тынымсыз иш алып барышты.
Мындан тышкары, коомчулуктун жаратылышты коргоого болгон көз карашын, экологиялык көйгөйлөр тууралуу түшүнүгүн жана сунуш-пикирлерин билүү максатында, өлкөнүн бир катар аймактарында экологиялык сурамжылоолорду уюштурушту. Ага жергиликтүү тургундар менен катар экология тармагындагы мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери да катышты.Ошондой эле фототузактардын жардамы менен жапайы жаныбарлардын табигый чөйрөдөгү жашоо-турмушуна байкоо жүргүзүлүп, алардын түрдүк курамы жана кыймыл-аракети тууралуу маалыматтар топтолду. Бул иштер жаратылышты коргоодо үзгүлтүксүз мониторингдин, илимий маалыматтардын жана коомчулуктун колдоосунун маанилүүлүгүн айгинеледи.
Уюмдун түштүк бөлүмүнүн иштери
NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмү үч облуста жаратылышты коргоо багытындагы бир катар иштерди аткарып, жалпы 1,5 миңден ашык адамды ар кандай иш-чараларга тартты.
Отчеттук мезгилде жаратылышты коргоо боюнча жүргүзүлгөн үзгүлтүксүз иш-аракеттердин алкагында мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддер уюштурулуп, жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнө жана популяциясына мониторинг жүргүзүлдү. Ошондой эле жергиликтүү калк арасында экологиялык абалды изилдөөгө багытталган сурамжылоолор өткөрүлүп, жаратылышты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлдү.Мындан тышкары, мектеп окуучулары жана студенттер үчүн экологиялык билим берүү иш-чаралары уюштурулуп, жаш муундардын жаратылышка болгон жоопкерчилигин арттырууга көңүл бурулду. Айрым иш-чаралар мамлекеттик мекемелер жана жаратылышты коргоо уюмдары менен биргеликте өткөрүлүп, өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө да өбөлгө түздү.
Мыйзамсыз аракеттерге каршы көзөмөл күчөтүүдө
Эми жапайы жаныбарларды жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоого багытталган ыкчам рейддерге жана алардын жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларга токтололу.
Атап айтканда, уюмдун “Барс” тобу отчеттук мезгилде Чүй регионалдык башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кичи-Суусамыр жайлоосунда рейд жүргүзүштү. Анын жүрүшүндө аңчылык куралын мыйзамсыз алып жүргөн эки жаран аныкталды.
Текшерүү учурунда алардан сайлуу эки аңчылык мылтыгы алынып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесинин негизинде ар бирине 10 миң сомдон, жалпы 20 миң сом айып пул салынды. Алынган куралдар Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары, мыйзамсыз балык уулоо фактысы да аныкталды. Балык кармоочу тор колдонуп жүргөн жаранга 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ал эми түштүк бөлүмдүн “Барс-2” тобунун кызматкерлери да мамлекеттик жаратылыш парктарынын жана коруктардын аймактарында көзөмөл иштерин жүргүзүп, мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган иш-чараларга катышты.Алар КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын аңчы адистери жана егерлери менен биргеликте бир катар иштерди алып барышты.
Башкача айтканда, июль айында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Биринчи-Май айыл аймагындагы Суу-Башы, Ашуу-Айрык, Жүлгүр жана Балык жайлоолору, ошондой эле Кара-Суу районунун Тээке айылындагы Кара-Чукур жана Кырк-Кечүү аймактарында атайын рейддерди өткөрүштү. Анын жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузган эки жаран аныкталып, аларга мыйзам чегинде айыппылдар салынды.
Ушундай эле рейддер Кара-Суу районунун Жиптик жана Кан жайлоолорунда, Ноокат районунун Чили-Сай, Кезарт, Агарт жана Абшыр-Ата жайлоолорунда, ошондой эле Беш-Конуш аймагында да өткөрүлдү.
Сентябрда Чоң-Алай районунда да жергиликтүү тургундардан түшкөн маалыматтардын негизинде пландан сырткары рейд уюштурулду. Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен биргеликте түзүлгөн рейддик топ Кара-Мык айыл аймагында жана башка бир катар жерлерде текшерүү жүргүзүштү. Ал эми Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда да алынган маалыматтардын негизинде мыйзамсыз аңчылыкка каршы кошумча иш-чара өткөрүлдү.
Мындай рейддердин максаты – мыйзам бузгандарды аныктоо менен гана чектелбейт, жергиликтүү тургундарды жапайы жаныбарларды жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоого үндөө болуп саналат.
Жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнө мониторинг жүргүзүү
2026-жылдын үчүнчү кварталында NABU Кыргызстан уюмунун «Мониторинг» бөлүмү өлкөнүн бир катар аймактарында жапайы жаныбарлардын абалын, түрдүк курамын жана таралуу аймактарын изилдөө иштерин улантты. Июль-сентябрь айларында Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустарын камтыган талаа экспедициялары уюштурулуп, жапайы жаныбарларды фототузактар аркылуу каттоо, визуалдык байкоо жүргүзүү, жергиликтүү тургундар менен маектешүү жана сурамжылоо иштери аткарылды.
Июль айында Ысык-Көл облусундагы Кубакы ашуусуна жана Чүй облусунун Суулуу-Терек аймагына жүргүзүлгөн экспедициянын жүрүшүндө мурда орнотулган 9 фототузак алынды. Анын ичинен 6 аппарат Кубакы ашуусунан, үчөө Суулуу-Терек жайлоосунан чечилди. Топтолгон сүрөт жана видеоматериалдарды алдын ала талдоонун натыйжасында бул аймактарда сүлөөсүн, коён, кызыл суур, бүркүт жана кекилик сыяктуу жаныбарлар катталды.Август айында Чүй облусунун Чүй жана Кемин райондорунда, анын ичинде «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркында мониторинг иштери жүргүзүлдү. Адистер фототузактардын иштөө абалын текшерип, алардын эс тутум карталарын жана батареяларын алмаштырышты. Ошондой эле айрым аппараттар кайра орнотулду. Фототузактарга түшкөн материалдарды кароонун жыйынтыгында илбирс, эчки-теке, кызыл суур, түлкү, суусар, арс, коён, кызыл коён чычкан жана улар сыяктуу жаныбарлар аныкталды. Жалпысынан бул аймакта жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын 9 түрү катталды.
Сентябрь айында изилдөө иштери дагы кеңейтилип, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын 6 районундагы 77 калктуу конушту камтыды. Жергиликтүү тургундар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун алкагында 1,5 миңге жакын анкета толтурулду. Анкеталар аркылуу жапайы жаныбарлардын кайсы аймактарда кездешери, алардын таралышы жана жергиликтүү экосистемалардын абалы тууралуу маалыматтар чогултулду.Мындан тышкары, Ысык-Көл облусундагы Түп токой чарбасында мурда орнотулган фототузактар алынып, алардын материалдары иштелип чыкты. Натыйжада бугу-марал, кашкулак, тыйын чычкан жана коён сыяктуу жаныбарлар катталды.
Мониторинг иштери Жалал-Абад облусундагы Сары-Челек биосфералык паркында да жүргүзүлдү. Сентябрь айында аймакка мурда орнотулган фототузактар чечилип, топтолгон сүрөт жана видеоматериалдар алынды. Алардын ичинен эчки-теке, бугу-марал, элик, куран, каман жана аюу сыяктуу жапайы жаныбарлар аныкталды.
Фототузактар жаныбарлардын табигый жашоо чөйрөсүнө кийлигишпестен, алардын кыймыл-аракетин, жүрүм-турумун жана белгилүү бир аймактагы кездешүү өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө мүмкүндүк берет. Алынган материалдар адистер тарабынан талданып, жапайы жаныбарлардын абалына баа берүүдө, алардын популяциясын изилдөөдө жана жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча мындан аркы иштерди пландаштырууда пайдаланылат.
Экологиялык билим берүү – жаратылышты түбөлүккө коргойт
Экологиялык билим берүү иши да үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Мисалы: «Ак илбирсти сактоо менен тоолорду, сууну жана келечекти сактайбыз!» деген ураандын алдында Нарын облусундагы «Кара-Кужур» экологиялык билим берүү борборунда «Кара-Кужур – 2026» экологиялык лагери ийгиликтүү өткөрүлдү.
Ага Нарын облусунун Лахол жана Жер-Көчкү айылдарындагы Б. Кыязов жана К. Рысмендиев атындагы орто мектептердин 6–9-класстарынын окуучулары катышты. Бир нече күнгө созулган иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар ак илбирстин жашоо өзгөчөлүктөрү, анын Кыргызстандын тоолуу экосистемасындагы орду жана бул сейрек кездешүүчү жаныбарды коргоонун мааниси тууралуу кеңири маалымат алышты.Лагердин программасы интерактивдүү жана таанып-билүүгө багытталган иш-чараларга бай болду. Катышуучулар «Ак илбирс кандай болот?» аталышындагы презентация менен таанышып, «Ак илбирстин изи менен» аттуу экологиялык квестке катышышты. Ошондой эле жаратылышта талаа сабактары уюштурулуп, балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө багытталган тапшырмалар аткарылды. Атап айтканда, окуучулар жаратылышка байкоо жүргүзүп, эркин темада сүрөт тартып, эссе жазып, жомок айтуу менен алектеништи.
Мындан сырткары, «Илбирс. Мөңгүдө калган издер» мультфильми көрсөтүлүп, «Ак илбирс тууралуу эмне билем?» аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү. «Ак илбирсти сактоо боюнча кеңеш» аттуу ролдук оюнда окуучулар окумуштуу, малчы, корукчу жана жергиликтүү тургундардын образында чыгып, жаныбарды сактоонун жолдорун биргелешип талкуулашты.
Лагердин алкагында окуучулар илбирстин биологиясы, ага жаралган негизги коркунучтар жана аны коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу билимдерин тереңдетишти. Ошондой эле экологиялык аң-сезимди калыптандыруу, жаратылышка аяр мамиле кылуу жана жоопкерчиликти арттыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга «Ак илбирстин жаш коргоочусу» деген атайын баракчалар жана футболка, шопер, кружка сыяктуу эстелик буюмдар тапшырылды.
Белгилей кетсек, NABU Кыргызстан уюму экологиялык билим берүүнү жаратылышты коргоо иштеринин маанилүү багыттарынын бири катары карайт. Бул багыттагы иштер уюмдун түштүк бөлүмү тарабынан да жүргүзүлүп, мектеп окуучулары жана жергиликтүү тургундар арасында жаратылышты сактоо, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо боюнча түшүндүрүү жана таанып-билүү иш-чаралары уюштурулуп келет.
NABU Кыргызстан уюмунун расмий сайты тууралуу
NABU Кыргызстан уюмунун расмий – www.nabu.kg сайты жаңыртылып, жаратылышты коргоо, жапайы жаныбарларды изилдөө жана экологиялык билим берүү багытындагы маалыматтарды камтыган интернет-платформа катары кайрадан иштей баштады. Анда уюмдун ишмердүүлүгү, негизги максаттары, долбоорлору жана Кыргызстандагы жаратылышты коргоо жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилет.
Сайттан NABU Кыргызстан уюмунун түзүмү, аймактык бөлүмдөрү жана иш багыттары менен таанышууга болот. Уюмдун негизги ишмердүүлүгү жапайы жаратылышты изилдөө жана коргоо, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү, сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактоо, ошондой эле экологиялык билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Мындан тышкары, жапайы жаныбарларды реабилитациялоо жана алардын табигый жашоо чөйрөсүн коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер да чагылдырылат.
Платформада негизинен уюмдун кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн рейддер, илимий изилдөөлөр, экологиялык акциялар, билим берүү иш-чаралары жана эл аралык кызматташтык тууралуу маалыматтар жарыяланып турат. Ошондой эле ишке ашырылып жаткан долбоорлор, фототузактар аркылуу жүргүзүлгөн байкоолор жана жапайы жаныбарлар дүйнөсүндөгү маанилүү жаңылыктар менен таанышууга болот.
Мындан сырткары, сайтта «Сурамжылоо» бөлүмү жайгашкан. Бул баракча аркылуу окурмандар жаратылышты коргоо, айлана-чөйрөнүн абалы жана экологиялык маселелер боюнча өз пикирлерин билдире алышат. Сурамжылоого катышуу коомчулуктун көз карашын билүүгө, калктын экологиялык көйгөйлөргө болгон мамилесин аныктоого жана жаратылышты коргоо багытындагы иштерди жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Төмөнкү QR код аркылуу кирип, сурамжылоого сиз дагы катышсаңыз болот:
Даярдаган: А.КаракозуевКата көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


