Байконурда орус «Союз» ракетасу учурулгандан кийин учу аянтынын бир бөлүгү бузулган
Байконур космодромунда орусиялык «Союз МС-28» космостук кемесинин учурулгандан кийин учуу аянтынын бир бөлүгү кулап түшкөнү маалым болду. Бул тууралуу ракеталык учуулар боюнча аналитик Георгий Тришкин «The Insider» басылмасына 27-ноябрда билдирди.
Анын айтымында, массивдүү конструкция 31-площадканын астына эртең мененки учуруудан кийин кулаган. Инциденттин себептери азырынча белгисиз.
Космонавтика популяризациячысы Виталий Егоров «Роскосмос» трансляциясында старттык столдун астындагы газ чыгаруу каналында болушу керек эмес металл конструкциясы турганын байкаганын билдирди.
Егоровдун божомолу боюнча, бул — тейлөө «балкону», ал ракетаны учуруудан мурун даярдоо үчүн атайын тешиктен чыгат жана ракета учурулган учурда брондолгон дубалдын артына жашырылат.
Тришкин белгилегендей, Байконурдагы 31-площадка орусиялык адам ташуучу миссияларды Эл аралык космостук станцияга (МКС) жөнөтүү үчүн жалгыз старттык платформа болуп саналат. Анын пикиринде, эми «Союз» жана «Прогресс» кемелеринин учурулуусу белгисиз мөөнөткө жылдырылышы мүмкүн.
Өз кезегинде Егоров «бүгүнкү күндөн тарта Орусия адамдарды космоско жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жоготту, бул 1961-жылдан бери биринчи жолу болуп жатат» деп белгиледи.
Орусиянын мамлекеттик корпорациясы - «Роскосмос» старттык платформага келген зыянды тастыктады. «Союз МС-28» космостук кемеси учурулган соң, старттык столдун бир катар элементтери бузулганын аныктадык», — деп билдирди «Роскосмос». Алар ошондой эле «курулушту калыбына келтирүү үчүн бардык керектүү резервдик элементтер бар» жана «кыңыр жерлер жакында оңдолот» деп кошумчалашты.
Учуудан өзү штаттык режимде өткөнүн жана кеме ийгиликтүү Эл аралык космостук станцияга туташканын маалымдады. Кеменин ичинде «Роскосмос» космонавттары Сергей Кудь-Сверчков жана Сергей Микаев, ошондой эле NASA астронавту Кристофер Уильямс бар эле. Алар орбитада 242 күн болот, орусиялык программа боюнча эки жолу ачык космостук чыгуу пландалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



