Ысабек Аматов: «Жаратылышты коргоо – биргелешкен аракетти талап кылган жоопкерчиликтүү иш»

Жаратылышты коргоо – бүгүнкү күндүн маанилүү маселелеринин бири болуп турат. Бул багытта NABU Кыргызстан уюмунун салымы чоң. Жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүү, браконьерликке каршы күрөшүү жана калктын экологиялык билимин жогорулатуу жаатында дагы кандай иштер аткарылып жатат жана кандай натыйжалар бар? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде аталган уюмунун түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Ысабек Аматов менен маек курдук.
 
– NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмү жаратылышты коргоо багытында кандай негизги милдеттерди аткарат? Ишмердүүлүгүңүздөрдүн башкы багыттарына кыскача токтолсоңуз?
 
– Биздин уюмдун түштүк бөлүмүнүн негизги максаты – өлкөнүн түштүк аймактарындагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, жапайы жаныбарларды жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоого салым кошуу болуп саналат. Бул багытта бир нече негизги милдеттерди аткарабыз. Алардын катарына мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү, жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүү, экологиялык билим берүүнү өнүктүрүү жана жергиликтүү калк арасында жаратылышты коргоо маданиятын калыптандыруу кирет. Ошондой эле мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана башка өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып келебиз. Биздин ишмердүүлүк жаратылышты бүгүнкү эле эмес, келечек муундар үчүн да сактап калууга багытталган.
 
– Акыркы мезгилде түштүк аймактарда жаратылышты коргоо багытында кандай иштер аткарылды? Кайсы жетишкендиктерди өзгөчө белгилейт элеңиз?
 
– Акыркы мезгилде өлкөнүн түштүк аймагында бир катар маанилүү иштерди аткардык. Анын ичинде мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддерди уюштуруу, жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн коргоо, экологиялык билим берүү жана жергиликтүү тургундар менен иштешүү багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.
 
Бөлүм ачылган 2023-жылдан берки үч жылдык ишмердүүлүгүбүздүн жыйынтыгын белгилесек, жалпысынан 200гө жакын өткөргөн иш-чараларыбызга, аларга 3 миңден ашуун адам тартылды. Бул көрсөткүчтөр жаратылышты коргоо багытындагы иштердин ар тараптуу жүргүзүлүп жатканын айгинелейт десем болот.
 
– Мыйзамсыз аңчылык менен алектенүү жаратылышка олуттуу коркунуч жаратып келгени белгилүү эмеспи. Бул көрүнүштөргө каршы кандай иштер жүргүзүлүүдө? Рейддердин натыйжалары кандай?
 
– Мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү – биздин ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири. Бул багытта биздин бөлүмдүн «Барс-2» ыкчам тобубуз мамлекеттик органдардын тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте үзгүлтүксүз рейддерди өткөрүп келет.
 
Биздин бөлүм түзүлгөндөн берки үч жыл аралыгында мамлекеттик органдар менен биргеликте мыйзамсыз аңчылыкка каршы көптөгөн рейддик иш-чараларды өткөрдүк. Алардын натыйжасында мыйзам бузуулар аныкталып, айыптуу жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды. Жалпысынан салынган айып пулдардын үч жылдагы суммасы миллиондогон сомду түздү.
Бул иштердин натыйжасы акырындык менен байкала баштады десек болот. Мурда мыйзамсыз аңчылыкка чыгып, жапайы жаныбарларга курал көтөргөндөрдүн аракеттерине бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн көзөмөл жана алдын алуу иштери коомчулукка да таасирин тийгизүүдө. Мындай фактылардын азайышы — жаратылышты коргоо багытындагы биргелешкен аракеттердин маанилүү натыйжаларынын бири деп эсептейм.
 
Негизи рейддердин негизги максаты – айып пул салуу менен гана чектелбейт. Биз мыйзамсыз аңчылыкты алдын алууга, жапайы жаныбарлардын популяциясын сактоого жоопкерчиликтүү мамиле жасоого жетишүүгө аракет кылабыз. Ошол үчүн калк арасында экологиялык билим берүүгө жана жаратылышты коргоо маданиятын калыптандырууга өзгөчө көңүл буруп, бала бакчанын тарбиялануучусунан тартып, мектеп окуучулары, жаштар жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Аларга жаратылышка аяр мамиле кылуу ар бир адамдын жоопкерчилиги экенин жеткирүүгө аракет кылабыз.
 
– Рейддердин жүрүшүндө көбүнчө кандай мыйзам бузуулар аныкталат? Аларды алдын алууда кандай кыйынчылыктар бар?
 
– Рейддер учурунда аңчылыкка тиешелүү уруксат документтери жок жүргөн, аңчылык эрежелерин сактабаган жарандар көп аныкталат. Айрым учурларда мыйзамсыз балык уулоо фактылары да кездешет.
 
Мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн көзөмөл иштерин күчөтүү менен катар калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сөзүз зарыл. Себеби жаратылышты коргоо боюнча мыйзам талаптарын билүү жана аларды сактоо ар бир жарандын жоопкерчилигине кирет эмеспи. Ошондуктан биз рейддерди мамлекеттик органдар менен биргеликте уюштуруп, мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чаралардын көрүлүшүнө көмөктөшөбүз.
 
– Мониторинг иштери кандай жүргүзүлүп жатат? Кайсы жаныбарлардын түрлөрүнө өзгөчө көңүл бурулууда?
 
– Биздин уюмдун негизги иши – илбирсти коргоого багытталган. Ошого байланыштуу аларды натыйжалуу коргоо үчүн илбирстердин жашоо чөйрөсүн, таралышын жана популяциясынын абалын үзгүлтүксүз изилдеп турабыз. Фототузактарды жана башка илимий байкоо ыкмаларын колдонуп, ар кайсы аймактарда мониторинг жүргүзүп келебиз.
Мисалы, түштүк бөлүм тууралуу айтсам, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын бир катар тоолуу аймактарында фототузактардын жардамы менен илбирс, сүлөөсүн, аюу, тоо эчки-текелери, марал, элик, куран, каман сыяктуу көптөгөн жапайы жаныбарлардын сүрөттөрүн топтодук.
 
Негизи фототузактар жапайы жаныбарларды изилдөө менен гана чектелбестен, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүүдө да чоң мааниге ээ. Алардын жардамы менен жаныбарлардын жашоо чөйрөсүндө адамдардын уруксатсыз жүргөнүн, аңчылыкка байланыштуу шектүү аракеттерди аныктоого жана каттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул маалыматтар мыйзам бузууларды алдын алууда жана зарыл учурларда тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте чара көрүүдө маанилүү далил боло алат.
 
– Биздин коомдогу мектеп окуучулары менен жаштардын жаратылышты коргоого болгон кызыгуусу кандай экен?
 
– Жаш муун менен иштешүүдө маалыматты жөн гана айтып берүү эмес, аны кызыктуу жана түшүнүктүү жолдор менен жеткирүү өзгөчө маанилүү. Ошондуктан экологиялык сабактарда презентацияларды, таанып-билүүчү оюндарды, суроо-жоопторду, чыгармачылык тапшырмаларды жана талкууларды колдонобуз.
 
Мисалы, жакында Алай районунун Бүлөлү айылындагы мектепте жана Кадамжай районундагы жатак мектепте өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө окуучуларга илбирстин жашоо өзгөчөлүктөрү, анын жаратылыштагы орду жана аны коргоонун зарылдыгы тууралуу маалыматтар практикалык ыкмада берилди. Ошондой эле Ош шаарындагы жогорку окуу жайлары менен биргеликте илимий-практикалык иш-чараларды өткөрдүк. Мындай мисалдарыбыз ого эле көп.
 
Жалпысынан айтканда, жаштардын жаратылышка болгон кызыгуусун арттыруу – келечекке жасалган инвестиция деп түшүнсөк эң туура болот. Анткени бүгүн экологиялык билим алган бала эртең жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле кылган жаран болуп калыптанат деп терең ишенебиз.
 
– Жаратылышты коргоо иштеринде мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар менен кызматташуу кандай натыйжаларды берип жатат?
 
– Жаратылышты коргоодо бардык тараптардын биргелешкен аракети зарыл. Биз мамлекеттик органдардын тиешелүү түзүмдөрү, жаратылыш парктарынын жана коруктардын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып келебиз. Мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддер сөзсүз түрдө мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлөт.
 
Ал эми жергиликтүү тургундардын колдоосу жана түшүнүүсү биз үчүн абдан маанилүү. Анткени жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнө жакын жашаган адамдар жаратылыштагы өзгөрүүлөрдү башкаларга караганда жакшыраак байкайт эмеспи. Ошондуктан алардын жаратылышты коргоо иштерине активдүү катышуусу жалпы аракеттердин натыйжалуулугун арттырат деп билебиз.
 
Маектешкен: А.Каракозуев.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз