Тажикстан Кыргызстан жана Өзбекстан менен Фергана өрөөнүндөгү жайыттарды калыбына келтирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду сунуштады

Тажикстан Кыргызстан жана Өзбекстан менен биргеликте Фергана өрөөнүндөгү жана ага чектеш аймактардагы деградацияга учураган жайыттарды, тоо экосистемаларын калыбына келтирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууну сунуштады, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.

Бул демилгени Тажикстандын Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин төрагасы Баходур Шерализода Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан COP31 климаттык конференциясынын алкагында БУУнун Чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча конвенциясынын (UNCCD) аткаруучу катчысы Ясмин Фуад менен жолугушууда көтөрдү.
 
Жолугушууда деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү, жайыттарды туруктуу башкаруу, тоо экосистемаларын сактоо жана кургакчылыкка туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн эл аралык каржылоону тартуу маселелери талкууланды.
 
Тажикстан конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгуу максатында 2027-жылы UNCCD уюмунун эл аралык эксперттер катышкан техникалык миссиясын уюштурууну сунуштады.
 
Мындан тышкары, Душанбе 2001-жылы кабыл алынган чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча улуттук программасын климаттык коркунучтарды жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди эске алуу менен жаңылоону көздөп жатат.
 
Борбор Азиядагы жерлердин деградацияга учурашы
 
UNCCD уюмунун 2023-жылы жарыяланган маалыматына ылайык, Борбор Азиянын жалпы аймагынын 20 пайыздан ашыгы же болжол менен 80 миллион гектар жер деградацияга учураган. Бул Кыргызстандын аймагынан дээрлик төрт эсе чоң.
 
БУУнун түзүмдөрүнүн 2024-жылдагы биргелешкен баяндамасында малды ашыкча жаюунун кесепетинен жайыттардын деградацияга учурашы төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө жеткени белгиленген:
 
- Кыргызстанда — жайыттардын 30 пайызы;
- Тажикстанда — жайкы жайыттардын 89 пайызы, кышкы жайыттардын 97 пайызы;
- Түркмөнстанда — жайыттардын 70 пайызы.
 
Кыргызстанда 2019-жылга карата 1,83 миллион гектар жер деградацияга учураган деп таанылган. Бул өлкөнүн жалпы жер аянтынын 9,6 пайызына жакынын түзөт.
 
Фергана өрөөнүнүн экосистемаларын калыбына келтирүү
 
2024-жылдын август айында Бишкекте Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн өкүлдөрү «Тынчтык токойлору» (Peace Forest Initiative) аттуу эл аралык демилгенин алкагында Фергана өрөөнүндөгү жана бийик тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын биргелешип башкаруу маселелерин талкуулашкан.
 
Ал эми 2026-жылдын январь айында Кыргызстанда бул демилгенин пилоттук долбоору ишке киргизилген. Ага БУУнун Өнүктүрүү программасы колдоо көрсөтүп, Түштүк Кореянын өкмөтү каржылык көмөк берген. Аймактык долбоорго Өзбекстан менен Түркмөнстан да катышууда.
 
Долбоор деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүүгө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга, жаратылыш ресурстары үчүн келип чыгуучу чыр-чатактардын тобокелдигин азайтууга жана жергиликтүү жамааттарды колдоого багытталган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз