Оштун мэри күнү-түнү WhatsApp'тан ага ким жазып жатканын ачыктады

115 электр мамычасы коюлуп, ошонун 75ине электр чубалгылары тартылбай турат. Бул тууралуу бүгүн, 12-май күнү Керме-Тоо МАБынын жашоочулары менен мэрдин жолугушуусунда аталган МАБдын №7 кварталынын тургуну билдирди.

Анын айтымында, мурдагы мэрдин тушунда аталган кварталга 115 электр мамычалары орнотулуп, анын көбүнө чубалгылар тартылбай турат.

«Экс-мэр Жетигеновдун тушунда 114 электр мамычасын коюп беришкен. Анын 75ине чубалгылар тартылбай турат. Андан сырткары, 80 үй документи жок турат . Анын 15-20дайым өндүрүш жери. Архитектура барып, ошол өндүрүш жерлерди турак жайга өткөрүп берген жок. Алар иш кылбады. Эч ким барбайт. Биз Оштун эң четинде жашайбыз. Бизден кийин ок атуучу талаа башталат. Урматтуу Жанар, сен бизге баргын», - деди ал.

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев аталган жаран анын Вотсабына күнү-түнү жазарын, бир нече күндүн ичинде аталган жайга барарын кошумчалады.

«Сиз менин Вотсабыма түнү да жазасыз, күнү да жазасыз. Калган убакта да жазасыз, түнкү саат бирде да жазасыз. Биз вице-мэрлерди, тиешелүү кызматтарды алып, бир-эки күндүн ичинде сизге барабыз», - деди ал.

Сулайман-Тоо РЭТтин кызматкареи мэриянын 50/50 долбоорунун негизинде мэрия мамычаларды алып бергенин, чубалгыларды эл өзү ала турган болгонун билдирди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз