АКШ Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүк төлөмдөрүн токтотту
АКШ өкмөтү 2024-2025-жылдары Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) төлөнүүчү мүчөлүк төлөмдөрдү убактылуу токтотту. Бул тууралуу 27-мартта Reuters агенттиги өз булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, каржылоо токтоп турган учурда АКШ бийлиги эл аралык уюмдарга төлөнүүчү каражаттарды кайра карап чыгат. Америка тарап ВТОго бул чечим тууралуу 4-мартта расмий түрдө кабар берген.
Белгисиз булак агенттикке билдиргендей, ВТО узак мөөнөттүү төлөм кечиктирүүлөрүнө каршы “план Б” иштеп чыгууда. Бирок азырынча бул план боюнча кеңири маалымат берилген жок.
АКШнын Ак үйү жана Женевадагы ВТОдагы өкүлчүлүгү Reuters агенттигинин комментарий алуу өтүнүчүнө жооп кайтарган эмес. ВТОнун маалымат кызматы болсо бул суроолорду АКШ бийлигине багыттаган.
2024-жылы Дүйнөлүк соода уюмунун бюджети 232 миллион долларды түзгөн. Анын 11% же эң чоң бөлүгү АКШнын үлүшүнө туура келген.
ВТОнун эрежелерине ылайык, уюмга төлөмдөрдү өз маалында которбогон мамлекеттерге карата айып санкциялары каралган. Бирок бул чаралар АКШга карата колдонулуп-колдонулбай турганы азырынча белгисиз.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.