Жергиликтүү соттордун айрым судьялары ротацияланды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду
Президент Садыр Жапаров «Кээ бир жергиликтүү соттордун судьяларын которуу жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүн күчөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө жана «Судьялардын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесине ылайык, Жогорку соттун төрагасынын сунуштамасынын негизинде кээ бир жергиликтүү соттордун учурдагы судьялары төмөнкү жергиликтүү сотторго калган мөөнөтүнүн алкагында судьялык ыйгарым укуктарын аткарууну улантуу үчүн которулду:
Бишкек шаары:
Бишкек шаардык соту:
Гүлзат Абсатарова – Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан;
Кымбат Архарова – Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан;
Лейла Байдаева – Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунан;
Кылыч Байсов – Чүй облусунун Сокулук райондук сотунан;
Мелис Болотбаев – Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан;
Бекболот Жаналиев – Чүй облустук сотунан;
Канат Аманов – Жалал-Абад облустук сотунан;
Альбина Жээнбекова – Ош шаардык сотунан;
Таалайкүл Кадыркулова – Чүй облусунун Сокулук райондук сотунан;
Гүлзат Саадабаева – Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунан;
Мирбек Сатарбек уулу – Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан;
Кубанычбек Самудинов – Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунан;
Аида Темирбекова – Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан;
Санжар Чотонов – Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунан;
Жамила Чикеева – Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунан;
Нурлан Эсенбаев – Ош шаардык сотунан;
Адылбек Эсенбаев – Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан.
Биринчи Май райондук соту (Бишкек шаары):
Азамат Алыбаев – Ош облустук сотунан;
Мадамин Азимжанов – Бишкек шаардык сотунан;
Аида Жогоштиева – Ош шаардык сотунан;
Мээрим Казыгулова – Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан;
Бакыт Калыков – Ысык-Көл облустук сотунан;
Калыйнур Кангелдиев – Чүй облусунун Жайыл райондук сотунан;
Урматбек Садыков – Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунан;
Искандер Саргалдаков – Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунан;
Эльдарбек Мамыров – Ош шаардык сотунан;
Дамир Молоев – Бишкек шаардык сотунан;
Нурлан Чериков – Ысык-Көл облустук сотунан.
Октябрь райондук соту (Бишкек шаары):
Урматбек Абдырахманов – Ош шаардык сотунан;
Бактыяр Алибаев – Чүй облусунун Кемин райондук сотунан;
Эльдияр Жороев – Чүй облусунун Жайыл райондук сотунан;
Келдибек Исажанов – Нарын облустук сотунан;
Жаркынбек Кыдырбаев – Талас облустук сотунан;
Эрлан Суеркулов – Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунан;
Бакытбек Омуралиев – Нарын шаарынын сотунан.
Свердлов райондук соту (Бишкек шаары):
Өмүрбек Абдыразаков – Чүй облустук сотунан;
Алмаз Апыше – Баткен облустук сотунан;
Эльмира Карабекова – Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотунан;
Манасбек Кулмурзаев – Чүй облусунун Сокулук райондук сотунан;
Нурзат Кыдыралиева – Жалал-Абад облустук сотунан;
Айна Маматалиева – Бишкек шаардык сотунан;
Айке Мусаева – Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунан;
Тилек Токтосунов – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунан;
Гүлзат Усакпаева – Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан.
Ленин райондук соту (Бишкек шаары):
Болотбек Абдуллаев – Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан;
Нурлан Кожомбердиев – Бишкек шаардык сотунан;
Кадырбек Матисаков – Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунан;
Мелис Омуралиев – Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунан;
Элнура Энкилбаева – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунан.
Бишкек шаарынын Административдик соту:
Айнура Ахметова – Нарын облусунун Административдик сотунан;
Нурман Нартаев – Жалал-Абад облусунун Административдик сотунан.
Мындай которуулар Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын облустук, райондук жана шаардык сотторунда да жүргүзүлдү.
Бул жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.