Евробиримдиктин жогорку өкүлү Орусияга каршы санкциялар Борбор Азия өлкөлөрүнө зыян келтирерин билдирди
Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас
Европа Биримдигинин Россияга каршы санкциялары Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына зыян алып келүүдө, бирок ЕБ бул санкциялар аталган аймак аркылуу буйтап өтүлүшүнө жол бербейт, деп билдирди журналисттерге Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас. Ал бул тууралуу 27-мартта Ашхабад шаарында өткөн "ЕБ – Борбор Азия" министрлеринин 20-жыйынынын жүрүшүндө айтты, деп жазат "CentralAsiа" басылмасы.
"Европа Биримдиги Россиянын аскердик машинасын алсыратуу үчүн 16 санкциялык пакетти ишке киргизди жана учурда 17-пакет боюнча иштеп жатабыз. Мен бул санкциялар силердин экономикаңарга да терс таасирин тийгизип жатканын түшүнөм, бирок баарыбыз тең бул согуштун токтоосун каалайбыз. Россиялык компаниялар Борбор Азия аркылуу санкцияларды айланып өтүүсүнө жол берилбеши керек", – деди Кая Каллас.
Министрлердин бул жолугушуусуна Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери катышты.
Жыйында негизги тема катары 2025-жылдын апрель айында Самаркандда өтө турган "ЕБ – Борбор Азия" саммитине даярдык көрүү маселеси каралды. Ошондой эле, талкууга россия-украин кагылышынын кесепеттери, транспорттук жана санариптик байланыштар, энергетика, соода, билим берүү жана суу ресурстары боюнча маселелер киргизилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.