Мьянмада 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Азырынча жабыркагандар боюнча маалымат жок
Мьянмада 7,7 баллдык жер титирөө катталганын АКШнын Геологиялык кызматы маалымдады. Силкинүүлөр Таиландда да сезилди, деп жазат "CentralAsiа" басылмасы.
Bangkok Post басылмасынын маалыматына ылайык, Таиланддын түндүгүндө жер титирөөнүн күчү 4,2 баллга жеткен. Бангкокто курулуп жаткан бийик имарат урап түштү. Associated Press агенттиги билдиргендей, Бангкок шаарында көп кабаттуу үйлөрдөн адамдар эвакуацияланып жатат. Миңдеген адамдар имараттардан жана мейманканалардан чыгып, көчөдө калууга мажбур болушту. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, силкинүү ушунчалык күчтүү болгондуктан, бассейндерден суу ташып кеткен.
Жер титирөөнүн очогу Мьянманын Сикайн шаарынан 16 км аралыкта, 10 км тереңдикте жайгашкан. Бир нече мүнөттөн кийин дагы бир 6,9 баллдык жер титирөө катталган.
Таиланддагы аэропорттор жер титирөөдөн улам ишин убактылуу токтотконун Nation гезити билдирди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.