Стамбул шаарынын мэри кармалгандан кийин Түркияда массалык нааразычылык акциялары башталды
Түркияда Стамбул шаарынын мэри жана президент Режеп Тайип Эрдогандын негизги саясий атаандашы Экрем Имамоглу кармалгандан кийин массалык нааразычылык акциялары башталды. Ага коррупция, пара алуу жана террорчулар менен кызматташуу айыптары тагылды.
Имамоглу кармалгандан кийин Стамбул провинциясынын губернаторлугу шаарда 19-марттан 23-мартка чейин бардык демонстрация жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салды. Бийлик мындай чечимди «коомдук тартипти сактоо» зарылдыгы менен түшүндүрдү. 19-мартта шаарда бир нече ири жолдор жабылып, айрым метро станцияларынын иши токтотулду.
Чектөөлөргө карабастан, Стамбул жана Анкара көчөлөрүнө Имамоглунун кармалышына нааразы болгон миңдеген адамдар чогулду. BBC News маалыматына ылайык, алар көчөлөрдө, студенттик кампустарда жана метродо нааразычылык билдиришүүдө. Чогулгандар антиөкмөттүк ураандарды чакырып, алардын арасында «Zıplamayan Tayyipçi!» («Секпеген Тайипчи!» — башкача айтканда, Эрдогандын тарапкери) деген ураан да бар.
Ошондой эле демонстранттар «Президент Имамоглу», «Өкмөт отставкага», «Фашизмге каршы ийинме-ийин» деп кыйкырышты, деп билдирет BirGün гезити.
Акциянын катышуучуларынын бири басылмага өз укуктарын коргоо үчүн нааразычылыкка чыкканын айтты. Дагы бир катышуучу учурдагы бийлик «Имамоглудан жана элден коркот», бирок «эл Имамоглуну колдоп турганда, ал президент болот» деп билдирди.
Студенттердин маршы
Стамбул университетинин миңдеген студенттери да өздөрүнүн «демократиялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоого» чакырышты, деп жазат BirGün. Алар менен бирге Босфор университетинин, Йылдыз техникалык университетинин жана Стамбул техникалык университетинин студенттери да акцияга катышты.
Экономика факультетинин имаратынын алдында студенттерди полиция токтотту, бирок нааразы болгондор тосмолорду жарып өтүштү. Полиция кызматкерлери жооп катары көздөн жаш агызуучу газ жана таяктарды колдонушту. Тосмолорду жарып өткөн студенттер журналисттердин алдында билдирүү жасап, андан кийин шаардык муниципалитет тарапка марш менен жөнөштү.
Студенттер Имамоглунун кармалышын жана анын университеттик дипломунун жокко чыгарылышын «өзүм билемдик менен кабыл алынган чечим» деп атап, бул «академиялык ишенимди гана бузбастан, билим берүү мекемелеринин ишенимдүүлүгүн да шекке салат» деп белгилешти.
«Бир адамдын режими бийлигин жоготуп жатат жана ал жоготуу менен чабуулдарын күчөтүүдө. Ал бир заматта тергөө иштерин баштап, жалпы элдик добуш менен шайланган саясатчыларды, оппозициялык журналисттерди жана анын көз карашына каршы чыккан бардык адамдарды камакка алууда», — деп айтылат студенттердин билдирүүсүндө.
Окуучулар юридикалык факультетте аларга окутулган сабактар кабыл алынган чечимдер менен дал келбей, маанисин жоготуп жатканын белгилешти. Алар мыйзамды «бийликтин колундагы таяк» менен салыштырып, анын жардамы менен «ар кандай үндөр басылып жатат» деп айтышты.
Студенттер Стамбул университетинин жетекчилигин Имамоглунун дипломун жокко чыгаруу чечимин жокко чыгарууга чакырышты, бул чечим болжолдонгон мыйзам бузуулардан улам кабыл алынган. Дипломдун жоктугунан улам ал президенттикке талапкерлигин кое албайт — талапкер болуу үчүн жогорку билимди аяктаган жарандар гана катыша алат. Стамбул мэри эң ири оппозициялык Республика Элдик партиясынын (CHP) праймеризинде жалгыз талапкер болгон.
BBC News белгилегендей, өлкөдө жаңы нааразычылыктар күтүлүүдө, анткени оппозиция лидерлери, анын ичинде Имамоглунун жубайы, элди «өз үнүн көтөрүүгө» чакырышууда. Мындай коомдук каардануу көп жылдан бери болгон эмес, деп кошумчалайт телерадиокомпания.
19-мартта Түркияда X, Instagram жана TikTok социалдык тармактарына, YouTube видеохостингине кирүү чектелди. Түрк лирасы АКШ долларына карата рекорддук төмөн деңгээлге түшүп кетти, анткени рыноктор саясий белгисиздикке алсыз жооп кайтарды, деп билдирет BBC.
Имамоглунун кармалышы
Стамбулдун башкы прокуратурасы кармалган шаар мэри Экрем Имамоглу жана дагы 100дөн ашык адамга айып тагып, аларды коррупция, пара алуу жана террорчулар менен кызматташуу боюнча шектеп жатат.
19-март күнү эртең менен Имамоглунун Стамбулдун түндүгүндөгү Сарыер районундагы үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Мэр протоколго ылайык медициналык кароодон өткөрүлүп, андан кийин сотко жеткирилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.