Садыр Жапаров Тажикстанга барды

Президент Садыр Жапаров 31-мартта Тажикстандын Хожент шаарына барды.

Бул жерде Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан лидерлеринин үч тараптуу саммити өтөт.
 
Жапаровду аэропорттон Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.
 
Буга чейин, 13-мартта, Тажикстандын президенти мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкекте Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан Хожентте үч өлкөнүн чек араларынын түйүнү тууралуу келишимге кол коёрун билдирген.
 
Мамлекет башчылары тарабынан Биргелешкен билдирүү кабыл алынат.
 
Ошондой эле президенттер чек аралардын түйүнүнө стела орнотуу аземине онлайн форматта катышат. Бул иш-чарага Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын премьер-министрлеринин орун басарлары катышат.
 
Мындан тышкары, мамлекет башчылары бирге Нооруз майрамын белгилешет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз