Бишкекте Башкы прокуратуранын имаратынын алдында эркек киши өзүн өзү өрттөдү
Бишкекте Башкы прокуратуранын имаратынын жанында эркек киши өзүнө өрт койду. Анын видеосу 1-апрелде социалдык тармактарга тарады, "Сводка АКИпресс" басылмасы.
Кадрларда өрттөнүп жаткан адам аллея бойлой чуркап баратканы, ал эми артынан экөө жүгүрүп келе жатканы тартылган: алардын бири өрт өчүрүүчү аппарат менен жүргөн.
Милиция жана Башкы прокуратура учурда маалыматты тактап жатышат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.