Ош облусунда мал базарлар, мал союучу жайлар тыкыр текшерилет
Ош облусунда мал базарлардын жана мал союлуучу жайлардын ветеринардык, санитардык жана коопсуздук талаптарына шайкештигин камсыздоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, жыйынга Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин 1-орун басарлары, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алыскы райондогулар онлайн катышты.
«Жыйындын жүрүшүндө мал базарларда жана мал союлуучу жайларда ветеринардык жана санитардык коопсуздукту камсыздоо, мал ылаңдарынын жайылышын алдын алуу жана элдин ден соолугун коргоо боюнча чаралар талкууланды. Жыйынтыгында облустагы бардык мал базарлар жана мал союлуучу жайлар ветеринардык, санитардык жана коопсуздук талаптарына ылайык келтирилиши, алардын ишмердүүлүгү тиешелүү мыйзамдарга шайкеш жүргүзүлүшү тапшырылды»,- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, райондук ветеринардык башкармалыктар мал базарлар жана союлуучу жайлардын ээлерине кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүлөрдү берип, көзөмөлдү күчөтүүсү, малдын ден соолугун көзөмөлдөө, жугуштуу оорулардын жайылышын токтотуу, ылаңдардын алдын алуу максатында жана ошондой эле элдин саламаттыгын коргоо үчүн санитардык эрежелер так сакталып, тиешелүү кызматтар тарабынан катуу көзөмөл жүргүзүлүшү керектиги белгиленди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.