Дагы бир кыргыз мушкери UFC’де мушташат
Кыргызстандык мушкер Уран Сатыбалдиев UFC’деги дебюттук беттешин өткөрөт, деп жазат "Спорт АКИпресс" басылмасы.
Ал 6-апрелге караган түнү АКШнын Невада штатынын Лас-Вегас шаарында өтө турган UFC on ESPN: Emmett vs. Murphy турниринде күч сынашат.
Сатыбалдиевдин атаандашы словакиялык Мартин Будай болот. Беттеш оор салмактагы дивизиондо өтөт.
Сатыбалдиев бул беттешке нигериялык мушкер Кеннеди Нзечуквунун ордуна чыкты. Ал жаракатынан улам турнирге катыша албай калган.
7-мартта Сатыбалдиев Лас-Вегаста өткөн LFA 203 турниринде бразилиялык Леон Соареш менен беттешип, үчүнчү раундда колго жасалган кимура ыкмасы менен атаандашын жеңип, чемпиондук наамын коргоп калган.
Уран Сатыбалдиев “Улуу кыргыз” спорт клубунун мүчөсү. Бул клубда Мыктыбек Оролбай уулу да машыгат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.