Оштогу эки мектепке бомба коюлганы боюнча маалымат түшкөн. Милициянын ыкчам тобу жеринде иш алып барууда

Ош шаарындагы Киров мектеби

Бүгүн, 4-апрель күнү саат 11.04тө ИИМдин Катчылыгына Оштогу Навои жана Киров мектептеринде жарылгыч зат бар экендиги тууралуу маалымат келген. Укук коргоо органдары башка күч түзүмдөрү менен маалыматты текшерип жатышат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Тийиштүү кызматтар окуя болгон жерге чыгып, эвакуация иштерин жүргүзүүдө. Азыркы учурда жергиликтүү бийлик органдары жана адистер окуяны текшерүүдө.
 
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда окуучулар менен мугалимдер коопсуздук үчүн мектептерден чыгарылып, аянттар текшерүүдө. Учурда башка маалыматтар такталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
 
Учурдагы абалга байланыштуу кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.
 
Буга чейин А. Навои жана Макаренко мектептеринде бомба коюлганы боюнча маалымдалып, милиция текшерген болчу.
 
25-март күнү Алишер Навои паркында жарылуучу зат бар экени айтылган. Бирок тиешелүү кызматтар жеринде текшерүү иштери жүргүзгөндөн кийин, маалымат жалган экени аныкталган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз