АКШда Трамптын саясатына нааразы болгондор каршылык акцияларына чыгышты
АКШнын шаарларында либерал көз караштагы нааразычылык акцияларына чыккан адамдардын топтору президент Дональд Трамптын саясатына каршы митинг өткөрүштү, деп кабарлайт «Би-би-си» жана АР маалымат агенттиктери.
Hands Off («Кол тийбесин») аттуу кампаниянын уюштуруучулары бардык 50 штаттагы 1200дөн ашык жерде нааразычылык акцияларын өткөрүүнү пландашкан. Ишемби күнү Бостон, Нью-Йорк, Чикаго, Лос-Анджелес жана Вашингтон шаарларында чоң топтор чогулганы байкалган. Митингдердин бири Флоридада, президент гольф ойноого келген жерге жакын аймакта өткөн. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, анын Мар-а-Лаго резиденциясынан алты чакырымдай алыстыкта 400гө чукул демонстрант жыйналган. Агенттик бул нааразылык акцияларын Трамп кызматка киришкенден бери өткөрүлгөн эң ири бир күндүк митинг катары мүнөздөйт.
Каршылык акциялары ошондой эле АКШнын Мамлекеттик натыйжалуулук департаментинин башчысы Илон Маскка да каршы багытталган.
Негизинен демократиячыл көз караштагы уюштуруучулар бул акцияларды «билип туруп бийликти тартып алуу» жана америкалыктардын укуктары менен эркиндиктерине кол салуу катары баалап, нааразычылык билдиришкен. Митингге катышкандар АКШ администрациясынын миңдеген мамлекеттик кызматкерлерди иштен алуу, федералдык мекемелерди жабуу, мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо, саламаттыкты сактоо тармагына каржылоону кыскартуу жана башка аракеттерине каршы чыгышкан.
CNN телеканалы билдиргендей, бул акцияларга айрым мыйзам чыгаруучулар да кошулган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.