Жогорку Кеңештин депутаты менен айтышып кеткен министрдин орун басарына акыркы эскертүү берилди

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановго акыркы эскертүү берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин ТЭК комитетинин жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Ашырбаев билдирди.

Ала-Бука шайлоо округунан депутат Азизбек Турсунбаев өткөн жыйында вице-министрдин кызматтык этикасын кароо өтүнүчү айтылганын эске салды. «Биз кат жөнөткөнбүз», — деди ал.
 
Ашырбаев мындай кат келип түшкөнүн ырастады. «Президент менен Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Урматбек Шамыркановду чакырып, профилактикалык иштерди жүргүзгөн», — деди ал.
 
«Мындай окуя дагы кайталанбашы керек», — деди Турсунбаев.
 
1-апрелде парламенттин ТЭК комитетинин депутаттары 2024-жылдын 10-сентябрындагы комитет чечимин аткаруу маселесин — Кыргыз Республикасында дарыя жээктеринин жууп кетүүсүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдар тобокелдигин алдын алуу жана азайтуу маселелерин карашты.
 
Суроо-жооп учурунда Самыйкожо менен Шамыркановдун ортосунда кайым айтышуу болду.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз