Бишкекте транс аялдар тарабынан чет элдин жараны сабалды
Бишкекте чет элдик жаран транс аялдардын кол салуусуна кабылды. Видеосу социалдык тармактарга тарады, деп жазат "Сводка АКИпресс".
Кадрларда үч адамдын эркекти сабап жаткан учуру тартылып калган. Алар күбөлөрдүн тынчтануу тууралуу өтүнүчтөрүнө көңүл бурушкан эмес жана өздөрүн тартпоону талап кылышкан.
9-апрелде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 6-апрелде таңкы саат бештер чамасында болгон. Милицияга мушташ боюнча маалымат түшкөн. Бул факты боюнча териштирүү иштери башталган.
Милиция мушташка катышкан бардык адамдарды кармап, бөлүмгө алып келген: К.Н. (2002-жылы туулган), А.Т. (2000-жылы туулган), К.М. (2001-жылы туулган), жана жабыркаган С.К. (1992-жылы туулган).
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.