15-16 жаштагы кыздар менен жыныстык катнашка шектелип эки жаран кармалды

Өзгөн району

2025-жылдын 18-март күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Төрт-Көл айыл аймагынын 2010-жылы туулган И.М. жана 2011-жылы туулган А.С. аттуу кыздар 2025-жылдын 17-март күнү балдар менен жыныстык катнашта болгондугу тууралуу кабар келип түшкөн. 
 
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Кыздарга карата тийиштүү экспертиза дайындалган.
 
«Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренесинин (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган»,- деп айтылат маалыматта.
 
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1993-жылы туулган И. уулу И. жана 2002-жылы туулган Ш.Б.аттуу тургундары кармалып, камакка алынды. 
 
Учурда тергөө амалдары уланууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз