Депутат президенттен айдоочулардын жол эрежесин билүү деңгээлин текшерүү демилгесин кайра карап чыгууну суранды

Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында депутат Балбак Түлөбаев («Ынтымак») айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүүгө каршы болгон жарандар көп экенин айтты.

«Алар президенттен бул демилгеден баш тартуусун суранышууда жана өз ыктыяры менен гана экзамен тапшырууга макул. Жол эрежелерин сактаган жарандар “гаишниктер” текшерүү жүргүзөт деп каалашпайт. Бардык адамдар 100% эреже эстеп жүрбөйт, кээде ГАИ кызматкеринин алдында толкундоодон улам унутуп калышат. Айдоочулар бул нерсе коррупцияга жол ачат деп эсептешет», – деди ал.
 
Депутат Садыр Жапаровго кайрылып, бул демилгени кайра карап чыгууну суранды. Балким, Бишкек жана Ош шаарларында пилоттук долбоор катары ишке ашырып көрүп, анан жарандардын маанайын байкоо керектигин билдирди Түлөбаев..
 
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып жол эрежесин бузган айдоочуларды токтоткон учурда ошол жерден эле ПДД билимин текшерүү тартиби киргизилет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз