"Жол эрежесин билбесе, айдоочулук күбөлүк убактылуу алынат": Эми жол эрежесин бузсаңыз, жеринде суроолорго жооп бересиз

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып жол эрежелерин бузган айдоочулардан жол кыймылынын эрежелери (ЖКЭ) боюнча билимдери текшерилет. Бул процедура айдоочу токтотулган жеринде эле жүргүзүлөт, – деп билдирди мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагозов.

Анын айтымында, эгерде айдоочу ЖКЭни билбесе, анын айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынат жана «Унаа» мекемесине жөнөтүлөт (бирок күбөлүктөн ажыратылбайт).
 
«Айдоочу каалаган убакта «Унаа» мекемесине барып, кайрадан жол эрежелери боюнча тест тапшырып, дароо эле күбөлүгүн ала алат. Эгерде тесттен өтпөй калса, кийинчерээк дагы бир жолу тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар. Күбөлүк тесттен ийгиликтүү өткөндөн кийин гана кайтарылып берилет», – деп түшүндүрдү ал.
 
Президенттин басма сөз катчысы мындай чара эмне себептен киргизилип жатканын түшүндүрдү:
 
«90-жылдардан кийин көптөр жол эрежелерин үйрөнбөстөн эле айдоочулук күбөлүк алган. Көпчүлүгү тилекке каршы, айдоочулук күбөлүгүн окуу аркылуу эмес, сатып алуу жолу менен алышкан. Болгону 20–30% айдоочулар гана чындап экзамен тапшырышкан. 2020-жылга чейин айдоочулук күбөлүктөр 15–20 миң сомго массалык түрдө сатылып келген. Азыр мындай практика толугу менен токтотулду, эми бардыгы окуудан өткөн соң гана күбөлүк алышат. Бирок, өлкөдө жол кырсыктары өтө көп катталууда. Кырсыктардын негизги күнөөкөрлөрү – жол эрежелерин билбеген, күбөлүктү сатып алган айдоочулар. Эгерде мындай айдоочуларга беш жол белгилерин көрсөтсө, бирин да тааный албайт. Мен статистиканы келтирбей эле коёюн, бирок жолдордо каза болгондордун саны жүздөгөн адамдарды түзөт. Жол эрежелерин билбеген айдоочулардан улам балдар жетим калууда, ата-энелер уул-кыздарынан айрылып, оор трагедияларды башынан өткөрүүдө. Көптөр майып болуп калышууда. Ушул себептен улам президент ички иштер министри менен «Унаа» мекемесинин жетекчисине 1-сентябрга чейин аракеттер планын иштеп чыгууну тапшырды», – деп билдирди Алагозов.
 
Алдын ала маалыматтар боюнча, биринчи жолу тестке жөнөтүлгөн айдоочу 500 сом төлөйт. Эгерде тесттен өтпөй калып, экинчи жолу келсе, 1000 сом, үчүнчү жолу 2000 сом, ал эми төртүнчү жолу 4000 сом төлөөгө туура келет.
 
Алагозов бул механизм айдоочулардын тестке олуттуу даярданышын камсыздоо максатында иштелип чыкканын белгиледи.
 
«1-сентябрга чейин дагы беш ай бар. Жол эрежелерин жакшы билбегендерге азыртан үйрөнүүнү сунуштайбыз. Эгерде 1-сентябрдан кийин күбөлүгүңүз убактылуу «Унаа» мекемесине жөнөтүлсө, нааразы болбоңуз. Бүткүл процесс видео жазууга алынат. Биринчиден, эч ким жол кайгуул кызматкерлерин айыптай албайт. Экинчиден, жол эрежелерин билбегендер өздөрү ыңгайсыз абалда калышат. Ошондуктан, бүгүнтөн тартып эле жол эрежелерин үйрөнө баштайлы. Ар бир адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчиликти сезели!», – деп кыргызстандыктарга кайрылды президенттин басма сөз катчысы.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз