Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун ачылуу аземи 2026-жылга жылды

Альтернативдүү Түндүк-Түштүк автожолунун курулушу боюнча 2 кошумча кар көчкүдөн коргоочу галерея жана 3 эстакадалык көпүрө курулат. Бул тууралуу "Тазабек" басылмасы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолдун кооптуу тилкелеринде курулуш иштери башталгандан бери жүргүзүлүп келген көп жылдык илимий байкоолордун жыйынтыгында, кошумча 2 галерея куруу чечими кабыл алынган. Алар 331(+924) жана 338(+410) чакырымдарда жайгашат. Ошондой эле 3 эстакадалык көпүрө 332(+656), 339(+185), жана 339(+907) чакырымдарга курулат.
 
Мындан тышкары, долбоордун алкагында Барпы айылынан Сафаровка айылына чейинки 25 чакырымдык айланып өтүүчү жол куруу пландалууда.
 
«Бул иштер негизинен 2025-2026-жылдар аралыгында жүргүзүлөт. Ушул себептен улам альтернативдүү Түндүк-Түштүк автожолунун ачылыш аземин 2025-жылдын май айында өткөрүү пландары башка убакытка жылдырылды. Ачылыш аземи 2026-жылга белгиленди», – деп билдиришти министрликтен.
 
Галереялар жана көпүрөлөр курула турган тилкелер Жалал-Абад облусунун Сузак районуна, Фергана кырка тоосунун батыш тарабына туура келет. Жалал-Абад шаарынан тоннелге чейинки жол буга чейин эле, I Фазанын алкагында, курулуп бүткөн.
 
Маалымат үчүн:
 
Түндүк менен Түштүктү туташтырган бул альтернативдүү автожол өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп, жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын 200 чакырымы мурда жол болбогон аймактарга курулган. Ошондой эле Көк-Арт ашуусуна Кыргызстандын эң узун тоннели жана эки эстакадалык көпүрө курулган. Жол толук ишке берилгенден кийин Жалал-Абаддан Балыкчы шаарына чейин 6 саатта жетүүгө мүмкүн болот (азыркы учурда жол жүрүү убактысы 13 саатты түзөт).

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз