Мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы долбоорун тандоо боюнча комиссиянын экинчи отуруму өттү
Бүгүн, 9-апрелде Кыргыз улуттук “Манас” театрынын чоң залында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын тандоо боюнча комиссиянын экинчи отуруму болуп өттү, деп кабарлады Маданият министрлиги.
Жыйындын башында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев сөз сүйлөп, министрлик тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал сынактын жобосундагы негизги талаптарга токтолду.
Сынакка келип түшкөн материалдар комиссиянын мүчөлөрүнүн кароосуна коюлуп, ар бир долбоорго атайын шифр берилди. Министр бул кадам калыстыкты сактоо жана кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо максатында көрүлгөнүн белгиледи. Мындан тышкары, комиссия мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгү жана тандалган материалдарды ар тараптуу талдоо мүмкүнчүлүгү сынактын сапаттуу өтүшүнө өбөлгө болору айтылды.
Отурум учурунда комиссия мүчөлөрү келип түшкөн долбоорлорду мазмундук, музыкалык жана поэтикалык багытта талдап, эң татыктууларына өз сунуштарын беришти. Жыйын суроо-жооп жана кеңири талкуу форматында өттү.
Маалымат катары: Маданият министрлигинде түзүлгөн техникалык топ тарабынан комиссияга төмөнкүдөй материалдар өткөрүлүп берилди:
90 толук долбоор (тексти, музыкасынын партитурасы жана коштоосу менен);
3 ырдын тексти жана музыкалык коштоосу;
3 ырдын тексти жана музыкасынын партитурасы;
2 музыкасы гана (1 партитура, 1 үн коштоосу менен партитура);
10 ырдын тексти, музыкалык аспапсыз үн коштоосу менен;
177 ырдын тексти гана.
Гимн долбоорлорун кароо иштери 10-апрелде да уланмакчы.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.