2031-жылкы Азия Кубогун өткөрүүнү каалаган өлкөлөрдүн тизмеси белгилүү болду. Арасында Кыргызстан да бар
Бишкекте курулуп жаткан стадиондун эскизи
Азия кубогунун 2031-жылдагы финалдык этабын өткөрүүгө талапкер болгон өлкөлөрдүн тизмеси белгилүү болду.
Азия футбол конфедерациясынын маалыматына ылайык, ар кайсы футбол уюмдарынан рекорддук 7 арыз кабыл алынган.
Арыз тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 31-марты болчу. Төмөнкү өлкөлөр бул турнирди өткөрүүгө кызыкдар экенин билдиришкен:
-Австралия;
-Индия;
-Индонезия;
-Корея;
-Кувейт;
-Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ);
-Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын биргелешкен арызы.
«Эми АФК зарыл болгон документтерди алуу боюнча иштерди жүргүзөт. Андан соң АФКнын администрациясы арыздардын жалпы баасын берип, кайсы өлкө турнирди өткөрөрүн тандайт», — деп айтылат АФКнын билдирүүсүндө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.