Ошто 38 жаштагы аялды муунтуп, автоунаасын уурдап кеткенге шектелип 19 жаштагы жаран кармалды
Ош шаарындагы адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун тургуну 1987-жылы туулган аял кишинин адам колдуу болуп каза болгондугу тууралуу Ош ШИИБне эрте менен саат 04:10до кабар келген.
«Ош ШИИБнын ыкчам тобу, жетекчилиги окуя болгон даректе болушуп, окуя болгон жерге кароо жүргүзүшкөн. Аялдын муунтулуп каза болгондугу аныкталган.Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Жапалак айылынын 2006-жылы туулган тургуну кармалды. Тергөө кызматынын маалыматына караганда шектүү аялдын үйүнө уурулукка кирип, аялды муунтуп өлтүрүп, автомашинасын уурдап кеткен»,- деп айтылат маалыматта.
Шектүү мурда бул үйдө квартирант болуп жашап кеткендиги дагы маалым болду. Учурда тергөө иштери уланууда, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.