Оштогу мыйзамсыз курулуштарды бузуу: А. Навои көчөсүнүн тургундары мэрияга нааразы
Дубалдарыбызды мыйзамсыз бузуп, «компенсация төлөбөйбүз» деп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрель күнү "АКИпресс-Ошто" өткөн маалымат жыйында Ош шаарынын Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Алишер Навои көчөсүнүн тургундары билдиришти, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Бир нече күн мурун Ош мэриясынын кызматкерлери Алишер Навои көчөсүндөгү курулуштарды бузуу иштерин баштаган. Алар буга чейин жашоочуларга эскертилгендигин, кызыл сызыкка чыккан курулуштар бузуларын айтышкан.
Рахима Халилова тиешелүү документтери бар экенин, бирок ага карабай мэриянын кызматкерлери алардын курулуштарын бузуп кетишкенин айтты.
«Мен ушул көчөдө жашап жаткандан бери 4 муун өттү. Төртүнчү муунда жашап жатам. Үй-жайыбыздын тиешелүү документтери бар.
2010-жылы үйүбүз күйүп кеткенден кийин, ЮНЕСКОдон, БУУДан өкүлдөр келип, бизге ушул үйлөрдү салып беришкен. Үйдү куруп бүткөндөн кийин колубузга ушундай кызыл китептерди берген. Документтерибиз мамлекет тарабынан берилген. Документтерибизди азыркы мезгилде мыйзамдуу документ катары көрбөй жатышат. Себебин биз билбей жатабыз. Бирок, жаңы мэрге эмне деп кайрылууну да билбей жатам. Жаңы мэр менен таанышкан эмеспиз. Орозодон мурун «мына үйүңөр бузулат» деп жазып кетишти. Орозодон кийин түшүндүрүү иштерин кылып, айтпай, дебей эле бузу пкетишти. Эми эмне кылышты билбей отурабыз.
Мен бул көчөгө 1972-жылы келин болуп келген учурда Араван -2 көчөсү деп аталат эле. Ал учурда эшек арабалар өтө турган кичине жол болгон. Андан кийин өкмөт жерлерди бизден алып, экинчи жолу көчөнү Э. Тельман деп аташты. Андан кийин үйлөрүбүздү жылдырып, жер берип жатып, көчөбүздүн аты А. Навои деп өзгөрдү. Бул көчө Навои деп аталганына да 27 жыл болду. Биз башка жерден келген жокпуз. Ушул жерде көп жылдан бери жашап жатабыз. Документтерибиз бар. Эмне үчүн мызймдуу документи бар үйлөрдү бузуп жатышат? Ошондуктан, жогорку бийликтегилерден биздин маселеге көңүл буруп коюшун суранабыз»,- деди ал.
Аталган көчөнүн дагы бир тургуну Яркын Мирбабаев эгер үй-жайларды ала турган болсо, алгач компенсация төлөп, кийин бузса жакшы болорун билдирди.
«Биздин нааразы болгон маселе: эгер алдын ала компенсация төлөп, анан үй-жайыбызды бузса жакшы болмок. Анткени, азыр төлөбөй эле бузуп салса, көчдө калабыз. Азыр кимде акча бар, кимде жок. Ушундай маселе жаралышы мүмкүн. Ошонукдтан, урматтуу президенттибиден суранабыз, биздин маселебизди көңүлдөн четте калтырбасын»,- деди ал.
Ал эми Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Казыбай уулу жарандардын «эскертүү бербестен туруп бузуп салышты» деген сөзөрү суу кечпестигин, алдын ала эскертүүлөр берилгенин белгиледи.
«А. Навои көчөсүндө бузуу иштери жүрөт деп февралдын аягы, марттарда эскертүү бергенбиз. Кийин Рамазан айы башталып, «1 ай убакыт бергиле» дегенине орозо ичи бузган эмеспиз. Ороздон мурун эскертүү берилип, чек араларды көрсөткөнбүз. Орозодон кийин, мына 10 күн өткөндөн кийин келип, курулуштарынын айрым жердерин бузуп койдук.
Компенсация боюнча айтып жатышат. Компенсация жер түрүндө берилет. Эгер бузулган курулушу 1 сотых, же 2 сотых жер болсо, ошол жерин башка жактан беребиз. Азыр бузуу иштери бир эле бул көчөдө жүргөн жок. Көп көчөдө жүрүп жатат. Башка көчөдөгүлөр өз эрки менен ыраазы болуп эле берип жатышат. Биз жарандар менен келишим түзүп, курулушу бузулган жери канча болсо, ошончо жер берип жатабыз компенсация катары. Жарандар да ошол нерсени жакшы түшүнсө жакшы болот эле»,- деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.