"Кыргызстандын чек арасында чоң бороон болот деген маалымат чындыкка дал келбейт": ӨКМ расмий булактарга гана ишенүүгө чакырды

Эртең, 17-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 

ӨКМден кабарлашкандай, 18-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 
 
19-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 17-18-апрелде айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.
 
Ысык-Көл жана Нарын облустарында болжолдонгон аба ырайынын шарттары Борбордук Азиянын батыш жана түштүк-батыш райондорунан келген аба агымдарына байланыштуу. Бул түрдүү синоптикалык процесстер чыгыш жана түштүк-чыгыштан келген аба агымдарынын Кыргызстандын территориясына келишин жокко чыгарат. 
 
"Ошондой эле, Борбордук Тянь-Шаньдын тоо кыркалары Кыргыз Республикасына чыгыш жана түштүк-чыгыш багытынан келген аба массаларынын киришине чоң тоскоолдук кылуусун эске алуу абзел!
 
Андыктан Кыргызстандын чек арасында жана Ысык-Көл облусунун аймактарында чоң бороон болот деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиребиз",- деп айтылат маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз