Аба ырайы: Тоолордо сел жүрүшү мүмкүн

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2025-жылдын 16-19–апрелдеринде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан  нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

«Бул күндөрү тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болуңуздар. Сел каналдарын, арыктарды тазалап, сел сууларынын өтүшүнө шарт түзүңүздөр»,- деп айтылат маалыматта.
 
Кыргызстан боюнча 15-апрелге карата аба ырайынын божомолу
 
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
 
Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу жолдордо кар көчкү, муз тоңуу (гололёд) болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, күндүз кээ бир жерлерде 15-20 м/с чейин күчөшү мүмкүн.
 
Абанын температурасы:
 
Чүй облусу:
Түнкүсүн +7…+12°
Күндүз +19…+24°
 
Талас облусу:
Түнкүсүн +5…+10°
Күндүз +19…+24°
 
Баткен облусу:
Түнкүсүн +8…+13°
Күндүз +22…+27°
 
Ош, Жалал-Абад облустары:
Түнкүсүн +8…+13°
Күндүз +22…+27°
 
Ысык-Көл облусу:
Түнкүсүн +3…+8°
Күндүз +13…+18°
 
Нарын облусу:
Түнкүсүн +3…+8°
Күндүз +13…+18°
 
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, бирок кечинде жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы: түнкүсүн +9…+11°, күндүз +21…+23°.
 
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз да жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамал 4-9 м/с, күндүз 14 м/с чейин жетиши ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8°, күндүз +13…+15°.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз