Жер-жерлерде жамгыр: 8-апрелге карата аба ырайы

Ош шаары. Сүрөт: Белек Мусаев.

Кыргызгидромет маалымдагандай, түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгышында кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
 
Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде, Ош жана Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, ал эми бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Ош жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, ошондой эле Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу жолдордо кар катмары жана тайгактык болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
 
Аба ырайынын температурасы:
 
Чүй облусу
Түнкүсүн: +9…+14°
Күндүз: +21…+26°
 
Талас облусу
Түнкүсүн: +5…+10°
Күндүз: +18…+23°
 
Баткен облусу
Түнкүсүн: +10…+15°
Күндүз: +21…+26°
 
Ош, Жалал-Абад облустары
Түнкүсүн: +10…+15°
Күндүз: +21…+26°
 
Ысык-Көл облусу
Түнкүсүн: +2…+7°
Күндүз: +14…+19°
 
Нарын облусу
Түнкүсүн: +1…+6°
Күндүз: +14…+19°
 
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамал 4-9 м/с. Түнкү абанын минималдуу температурасы +12…+14°, күндүзгү максималдуу температура +24…+26°.
 
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамал 4-9 м/с. Түнкү абанын температурасы +5…+7°, күндүзгү температура +14…+16°.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз