Садыр Жапаров "санариптик сом" долбоорун ишке киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Конституциялык мыйзамды Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 20-мартында кабыл алган.
 
Анын максаты — улуттук санариптик валютанын (санариптик сомдун) прототибин сыноо үчүн пилоттук долбоорду ишке киргизүү, ошондой эле анын укуктук базасын жана статусун түзүү.
 
«Конституциялык мыйзамда Улуттук банкка санариптик сомду чыгаруу (эмиссия) укугу гана таандык экени, аны жүгүртүүгө чыгаруу жана жүгүртүү тартибин аныктоо, санариптик сомдун платформасын уюштуруу жана иштешин камсыздоо укугу каралган», — деп айтылат маалыматта.
 
Мындан тышкары, төмөнкү нормалар каралган:
 
- санариптик сом – Кыргыз Республикасындагы расмий төлөм каражаты болуп эсептелген санарип түрүндөгү улуттук валюта;
 
- санариптик сом жүгүртүүгө атайын платформанын негизинде санарип түрүндө чыгарылат;
 
- санариптик сомдун платформасынын оператору — Улуттук банк;
 
- санариптик сомдун платформасы — бул санариптик сомду чыгаруу (эмиссия), эсепке алуу жана жүгүртүү үчүн арналган технологиялык жана программалык инфраструктура;
 
Улуттук банк:
 
- Улуттук банкка көз каранды болгон банктар жана башка тараптар үчүн санариптик сом платформасында төлөм жүргүзүү эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;
 
- санариптик сомдун коопсуздугун камсыздоо жана алдамчылык операцияларды алдын алуу үчүн криптографиялык коргоо ыкмаларын аныктайт;
 
- санариптик сом платформасынын иштешине байланыштуу башка ыйгарым укуктарды жана функцияларды Кыргыз Республикасынын төлөм системалары жөнүндөгү мыйзамына ылайык аткарат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз