Бишкек: 7-класстын окуучусу классташы ургандан кийин каза болуп калган
31-мектепте 7-класстын окуучуларынын сабак учурундагы урушу трагедия менен аяктады, деп билдирди Ленин райондук ИИБдин басма сөз кызматы. Бул тууралуу "Сводка АКИпресс" басылмасы жазды.
15-апрелде 2011-жылы туулган А.А. аттуу окуучу 2010-жылы туулган классташы А.А. менен урушуп кетип, аны уруп жиберген. Натыйжада кыз эсин жоготкон.
Окуя болгон жерге тез жардам чакырылган. Бирок дарыгерлер келгенге чейин кыз каза болуп калган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.