Ноокатта 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Бүгүн, 17-апрель күнү Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагына караштуу Алмалык айылында заманбап, 150 орундуу жаңы орто мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, салтанаттуу ачылыш аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу катышып, жергиликтүү тургундарды жана окуучуларды билим уясынын ачылышы менен куттукташты.
 
«Эки кабаттуу мектеп имараты заманбап билим берүүгө ылайыктап курулуп, бардык керектүү шарттар менен жабдылган. Анын ичинде билим берүүчү кабинеттер, информатика, китепкана, жана башка окуу-техникалык жабдуулар каралган»,- деп айтылат маалыматта.
 
Мектептин курулушу 2023-жылы башталган жана бүгүнкү күндө толугу менен аяктап, окуу процессине даяр. Имараттын жалпы тендердик баасы 65 миллион 761 миң 189 сомду түзөт.
 
Бул билим берүү мекемеси аймактагы билим сапатын жогорулатууга жана балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз