Ноокатта жапайы канаттууларды мыйзамсыз кармаган тургундар 16 миң сом айып пул төлөштү

2025-жылдын 16-апрелинде Ноокат районунда жапайы канаттууларды мыйзамсыз кармоого каршы ыкчам рейд уюштурулду. Иш-чара NABU Кыргызстан уюмунун “Барс-2” тобу тарабынан, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана Ноокат РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.

Рейд учурунда Ак-Булак айылынын эки тургуну бир баш кашкулак жана төрт баш кекиликти тузак менен кармап, аларды социалдык тармактар аркылуу сатууга аракет кылып жатканы аныкталды. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесине ылайык, кекиликтер үчүн 10 миң сом, ал эми кашкулак үчүн 6 миң сом өлчөмүндө айыппул салынды. Жалпы сумма 16 миң сомду түздү.
 
Мыйзамсыз кармалган төрт кекилик тирүү абалда кайра жаратылышка коё берилди. Ошондой эле, мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз