Ак-Терек – Папан – Кожокелең жолунда убактылуу каттам ачылды
2025-жылдын апрель айында үзгүлтүксүз жааган жамгырдын кесепетинен “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына караштуу Ак-Терек – Папан – Кожокелен жолунун 11,8-чакырымында 70 метр аралыктын жол жабыркаган.
Кыргызавтожол мамлекеттик ишканасынын түштүк башкармалыгы кабарлагандай, жолчулардын тынымсыз жана ыкчам аракеттеринин негизинде аталган тилкеде убактылуу каттам ачылып, жол кыймылы калыбына келтирилди.
«Учурда бул участокто калыбына келтирүү жана оңдоо иштери улантылууда. Айдоочулардан коопсуздук эрежелерин сактап, убактылуу жол менен этияттык менен жүрүүнү суранабыз»,- деп айтылат маалыматта.
19-апрель күнү аталган жол чөгүп, жаракалар пайда болуп, каттам токтогон болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.