Ош: Көкүм-Бий көчөсү убактылуу жабылып, маршруттук каттамдар токтотулат

Көкүм-Бий көчөсү убактылуу жабылганына байланыштуу №6 муниципалдык автобус жана №106,113 маршруттук кичи автобустук каттамдарынын жол чиймелерине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.

Маалыматк караганда, №6 муниципалдык автобус Соколок айылынан кележатканда, Малабаев, Орке, Ташиев, Качыбек, Арек, А.Мамыров, Б.Осмонов көчөсү аркылуу борбордук базардан өтүп, андан ары Г.Айтиев, Ленин, Навои, А.Масалиев, Ж.Раимбеков, аркылуу жүрөт. Кайтканда Тилеке баатыр, Монуев, Масалиев, Р.Абдыкадыров, Ленин, Г.Айтиев, Б.Осмонов көчөлөрүнөн жана жаңы борбордук базардан өтүп, Б.О Мамыров, Арек, Качыбек, Ташиев, Орке Малабаев көчөлөрүаркылуу, Соколок айылына кайтат.
 
"№113 кичи автобустук каттамы Тээке айылынан чыгып, Кеңеш, А.Малабеков,Ташиев, Качыбек, Арек, А.Мамыров, Б.Осмонов, Р.Абдыкадыров, Ш. Руставели, Г.Айтиев, Курманжан-Датка, Р.Абдыкадыров, А.Масалиев, Ж.Раимбеков, Тилеке баатыр, Ы.Монуев, А.Масалиев, Р.Абдыкадыров, Ленин, Г.Айтиев, Ш.Руставели, Р.Абдыкадыров, Б.Осмонов көчөсү аркылуу жаңы базардан өтүп, кайра ушул көчө менен А.Мамыров, Арек, Качыбек, Ташиев, Малабеков, Кеңеш айылы аркылуу Тээке айылына кайтат",- деп айтылат маалыматта.
 
Ошондой эле №106 кичи автобустук каттамы Момун-Ата мөмө-жемиш базары жактан жүрүп, М.Бегиев, Кайырма, Качыбек, Арек, А.Мамыров, Б.Осмонов көчөсүнө келип, андан ары өз кыймыл чиймеси менен жүрүп, кайра кайтканда Б.Осмонов, А.Мамыров, Арек, Качыбек, Кайырма, М. Бегиев көчөлөрү аркылуу, Момун-Ата мөмө-жемиш базарына кайтат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз