«Т» түрүндөгү жолдун жээгиндеги үйлөргө 68 млн сомго жакын кенемте төлөнөт

Бишкек-Ош жолу менен Ош шаарынын Т. Турсунбаева көчөсүн бириктирүүчү жолдун жээгиндеги 37 үйгө 67,8 млн сом кенемте төлөнөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин токтомуна ылайык, аталган жолдун кызыл сызыгына илешип калган 37 үйгө 67 млн 829 миң 772 сом кенемте төлөнөт.
 
«Кенемте алуучулардын бешөө коммерциялык жайлардын ээлери. Төлөмдөр көз карандысыз баалоочулардын корутундусунун негизинде жүргүзүлөт. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт. Бул кадам жол инфраструктурасын жакшыртуу жана шаардык транспорт кыймылын оңдоо максатында аткарылууда»,- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин аталган жол жээгиндеги үйлөргө кенемте төлөнүп, жер берилери айтылган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз