Вашингтондо Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын өкүлү менен жолугушту

Кечээ, 21-апрелде Вашингтондо өткөн Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) менен Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Швейцария өлкөлөр тобунун Аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушууда кыргыз өкмөтүнүн 2025-жылдын биринчи кварталында экономикалык өсүштү 13% деңгээлине жеткирүү боюнча амбициялуу пландары талкууланды. Касымалиев бул көрсөткүч Улуттук өнүктүрүү программасын 2030-жылга чейин ишке ашыруу үчүн бекем негиз болоорун баса белгиледи.
 
Тараптар энергетика, индустриялаштыруу, аймактык соода-логистикалык хабдарды өнүктүрүү, айыл чарба, туризм жана “жашыл” энергетика багытындагы кызматташуунун келечегине токтолушту. Айрыкча Камбар-Ата ГЭС-1 долбооруна өзгөчө көңүл бурулуп, ал Борбор Азия чөлкөмүнүн энергетикалык коопсуздугунун негизги элементи катары мүнөздөлдү. Бул долбоор аркылуу чет элдик инвестицияларды тартууга жана аймактык туруктуулукту чыңдоого жол ачылары айтылды.
 
Мындан сырткары, Касымалиев Тажикстан менен чек араны аныктоо боюнча тарыхый келишимге жетишилгенин да эске салды.
 
Өз кезегинде Беатрис Мазер Кыргызстанга болгон иш сапары быйыл июнь айына пландалып жатканын маалымдап, өлкөнүн уникалдуу потенциалына жогору баа берди. Ал Дүйнөлүк банк Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү багытында колдоого даяр экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы окшоштуктарды өзгөчө белгиледи.
 
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Адылбек Касымалиев конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу жаатында жемиштүү кызматташууга ишеним артарын билдирди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз