Римдин кийинки папасы ким болот? Негизги кандидаттар
Кардиналдар коллегиясы кантип түзүлөт? Кимдер кийинки Рим Папасы катары каралууда? Европалык маалымат каражаттары Францисктин мүмкүн болуучу мураскорлорун аташты, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.
2025-жылдын 14-февралында Папа Франциск ооруканага жаткырылгандан кийин анын мүмкүн болуучу мураскери тууралуу ушак-айыңдар чыга баштаган. Бул имиштер 21-апрелде Понтифик каза болгондон кийин дагы да күчөй түштү.
Францисктин каза болушу менен 252 кардиналдын ичинен 137си гана шайлоо укугуна ээ — булар 80 жашка чыга элек кардиналдар. Алар кийинки Папаны тандашат.
1975-жылы Папа Павел VI тарабынан кабыл алынган «Romano Pontifici Eligendo» аттуу Апостолдук Конституция кардинал-шейшөөчүлөрдүн саны 120дан ашпоосу керектигин белгилесе да, бул эрежени Папа Иоанн Павел II баштаган айрым понтификтер сакташкан эмес.
Франциск шайланган 2013-жылдагы конклавда кардиналдар коллегиясы 206 адамдан турган, алардын ичинен 115и шайлоого катышкан. Кийин 99 кардинал 80 жаштан өтүп, добуш берүү укугунан ажыраган. Мындан тышкары 116 кардинал (анын ичинде 10 шайлоочу) каза болгон, ал эми 3ү (2 шайлоочу кошо) отставкага кеткен. Франциск өз понтификаты учурунда 133 кардиналды дайындап, алардын 103ү шайлоого катышуу укугуна ээ.
Европалык басылмалар Францисктин ордун басууга мүмкүн делген айрым кардиналдардын тизмесин сунушташты:
Пьетро Паролин
2013-жылдан бери Ватикандын Мамлекеттик катчысы. 1955-жылы туулган Паролин Папа Францисктин жакын санаалашы болгон. 25 жашында дин кызматкери болуп дайындалып, кийинчерээк Папанын Испания, Андорра, Италия, Сан-Марино жана кийин Вьетнам, Түндүк Корея, Израиль жана Кытай менен байланыштарын алып барган. 2009-жылы Венесуэлага Папанын элчиси катары жиберилген.
Ал Францискке окшоп жакырлар менен жакын болууга умтулат жана реформаларды ишке ашырууга дипломатиялуу, сабырдуу ыкма менен даяр экендиги менен белгилүү.
Раймонд Берк
Францисктин багытын ачык сындаган, Церковь ичиндеги консервативдик канаттын өкүлү. 76 жаштагы америкалык кардинал адатта Папаны сындап чыгууга тартынбаган. Эгер конклавда консервативдик багыт үстөмдүк кылса, ал күчтүү талапкер боло алат.
Фридолин Амбонго Бесунгу
Демократиялык Конго Республикасынан чыккан, 65 жаштагы кардинал. Коомдук адилеттүүлүктү жана жакырларды коргоону жактаган. Анын жаратылыш менен байланышы күчтүү болуп, айыл жергесинде өскөн. Римде моралдык теологияны окуган.
2018-жылы Киншаса архиепискобу болуп дайындалган. 2019-жылы Франциск аны кардинал кылып дайындап, 2020-жылы Кардиналдар Кеңешине кошкон.
Луис Антонио Гоким Тагле
Филиппинден чыккан, 1982-жылы дин кызматкери болуп дайындалган. АКШда теологиядан докторлук алган, Ватикан II жыйынынын рухуна жакын экени менен белгилүү. 2011-жылы Бенедикт XVI аны Маниланын архиепискобу кылып дайындап, 2012-жылы кардинал наамын ыйгарган.
Көптөр аны «азиялык Франциск» деп аташат. Теологиялык даярдыгы, тарыхый билими жана пастордук тажрыйбасы менен белгилүү.
Пьербаттиста Пиццабалла
Иерусалимдин азыркы архиепискобу. 1965-жылы Италиянын Ломбардия аймагындагы айылда төрөлгөн. Жаш кезинен эле францискан жашоо образын кабыл алган. 1990-жылы дин кызматкери болуп дайындалып, Иерусалимде Библиялык теологияны окуган.
2004–2016-жылдары Ыйык Жердин Кустосу болуп иштеген. 2020-жылы Иерусалимдин Латын Патриархы болуп дайындалган. 2023-жылы Франциск аны кардинал кылып көтөргөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.