Рим папасы 89 жашында каза болду

Рим папасы Франциск 89 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Ыйык Тактынын маалымат кызматы билдирди, деп жазат "ТАСС".

"Урматтуу бир туугандар, терең кайгы менен биздин Ыйык Атабыз Францисктин дүйнөдөн өткөнүн жарыялайм", – деп айтылат кардинал Фаррелдин билдирүүсүндө. Анын айтымында, понтифик 21-апрелде саат 07:35те көз жумган. Ал белгилегендей, Папа Франциск өзүнүн бүт өмүрүн Жаратканга жана Анын чиркөөсүнө кызмат кылууга арнаган.
 
Кечээ гана Франциск Пасха майрамынын урматына ишенимдүүлөргө бата берген. Ал Ыйык Петир соборунун балконуна чыгып, эл алдында бир нече гана сөз айта алган. ТАСС агенттигинин кабарчысы Францисктин акыркы көрүнүшүн тарткан көптөгөн журналисттердин арасында болгон. Понтифик өтө алсыз көрүнгөн, бирок Пасхалык майрамга катышууну каалаган.
 
Аны акыркылардан болуп кабыл алган саясатчы – АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс болгон. Папа аны жеке жолугушууга чакырган.
 
23-мартта Франциск ооруканада 40 күндөй дарылангандан кийин чыгарылган. Ал өпкөнүн оор сезгенүүсүнөн жабыркап, дарыгерлердин айтымында, эки жолу өлүм коркунучуна кабылган. Ага эки айлык толук тыныгуу сунушталган, бирок ал Ватикандагы Мария Магдалина мейманканасындагы резиденциясынан чыгып, кээде Ыйык Петир соборуна бара баштаган. Жекшемби күнү Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы ишенимдүүлөргө толгон аянтта папамобил менен айланып өткөн.
 
Франциск өзүнүн жерге берилүү жөрөлгөлөрүн алдын ала жазып калтырган, ал кээ бир процедураларды жөнөкөйлөштүргөн. Ал дайыма тиленүү үчүн барып турган, айрыкча чет өлкөлүк сапарлардан мурда жана кийин зыярат кылган Санта-Мария-Маджоре базиликасына коюлушун каалаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз