Депутат оор жүк ташуучу автоунааларды Ош менен Бишкекке киргизбөөнү сунуштады

23-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кара-Суу шайлоо округунан депутат Илимбек Кубанычбеков Ош жана Бишкек шаарларына HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалардын киришине тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу "АКИпресс" басылмасы жазды.

Анын айтымында, ашыкча жүк жүктөлгөн оор унаалар жаңыртылган жолдорду бузуп жатат. Ошондуктан жүктөрдү шаар четине чейин гана ташып келип, андан ары жеткирүүнү уюштуруу керек. Шаар четинде логистикалык борбор куруп, жүктү ошол жерде түшүрүү сунушталууда. Мындай ыкма көптөгөн өлкөлөрдө колдонулат, деди ал.
 
«Бул республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга курулган жолдорду көп жылдар бою жакшы абалда сактап калуу үчүн зарыл», – деди депутат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз