Бишкектеги "Орус үйү" бөлүмдүн кызматкери кармалганы боюнча комментарий берди

Оштогу Россиянын илим жана маданият борборунун бөлүмүнүн кызматкери Н.С. 17-апрелде кармалганын 23-апрелде Бишкектеги Россиянын илим жана маданият борборунун басма сөз кызматы кабарлады, деп жазат "Сводка АКИпресс".

Бишкектеги "Орус үйү" Н.С.ге коюлган айыптын чоо-жайы тууралуу толук маалыматы жок экенин билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Н.С. — Кыргызстандын жараны, бөлүмдүн жергиликтүү кызматкери, 2024-жылдын июль айынан бери Оштогу филиалдын ММКлар менен өз ара аракеттенүүсүнө жооп берет.
 
Ошондой эле уюм Россиянын илим жана маданият борбору өз ишмердүүлүгүн Бишкектеги Россиянын илим жана маданият борборун жана Москвадагы Кыргызстандын Илим жана маданият үйүн түзүү жана иштетүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында гана жүргүзөрүн белгиледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз