Депутат Камила Талиева Баткен мамлекеттик университетинде каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын айтты
23-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Камила Талиева Баткен мамлекеттик университетинде каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди, деп жазат "Билим АКИпресс".
Анын айтымында, Финансы министрлигинин ички аудитинин жыйынтыгында кызмат адамдары контракттык негизде окуган студенттерден түшкөн 15 миллион сомду өздөштүрүп алышканы, ошондой эле 3 миллион сом командировкаларга мыйзамсыз коротулгандыгы белгилүү болгон.
«Бул Финансы министрлигинин ички аудитинин жыйынтыгы. Эгерде жеке аудит жүргүзүлсө, мындан да көп мыйзам бузуулар аныкталмак», — деди Талиева.
«Ректор студенттердин акчасын коротууга кандай укукка ээ? Мындай ректорду кызматта бир күн да калтырууга болбойт эле. Эмне үчүн ал дагы эле кызматта? Иш козголгон, бирок ага карата саясий чечим кабыл алынган жок», — деп кошумчалады ал.
БатМУнун ректору болуп 2021-жылдын февраль айынан бери Айдарбек Гыязов иштеп келет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.