ТИМ мурдагы "Сапаттын" мугалими Түркияда кармалганын ырастады
Сүрөт Азамат Нурмат уулунун Фейсбук баракчасынан алынды
Тышкы иштер министрлиги Түркияда Кыргызстандын жараны Азамат Нурмат уулунун кармалышы тууралуу маалыматка
Тышкы иштер министрлиги Түркияда Кыргызстандын жараны Азамат Нурмат уулунун кармалышы тууралуу маалыматка түшүндүрмө берди. Ал математика боюнча эл аралык олимпиаданын экинчи туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп барган.
Буга чейин айрым басылмалар Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Х.Карасаев атындагы лицейдин математика мугалими Азамат Нурматов дайынсыз жоголгонун жазган. 19-апрелде ал Стамбул шаарынын аэропортунда кармалганы маалым болгон.
Тышкы иштер министрлиги бул маселе министрликтин жана Түркиядагы Кыргызстандын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн көзөмөлүндө экенин билдирди. Кармалган жарандын жакын туугандары менен дайыма байланышта болууда.
«Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Түркиянын тийиштүү органдары менен кызматташып, жаранга жардам көрсөтүү иштерин жүргүзүп жатат. Кармоо себептери жана жагдайлары боюнча тактоо иштери жүрүп жатат», – деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Азамат Нурмат уулу азыркы "Маариф", мурдагы "Сапаттын" Ысык-Көл облусундагы лицейинин математика мугалими болуп иштеп келгени, Түркияга окуучуларды олимпиадага алып баруу үчүн барганы айтылууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.