Ош облустук милициясы жүзүн толук жаап жүргөндөргө эскертүү берди
Коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн жарандарга эскертүү берилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусунун аймагында милиция кызматкерлери УКМК жана дин кызматкерлери менен биргеликте жарандарга Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
«Анда жарандар тарабынан медициналык көрсөтмөлөрүнө, эмгектенүүсүнө жана кызматтык ишине, спорттук иш-чараларга катышуусуна, маданий, оюн-зоок же башка коомдук иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толук жашырып жүргөн жарандарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 127-беренесинин 1-пунктуна ылайык, жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, башкча айтканда (20 миң сом) өлчөмүндө айып пул салынары айтылат»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн жарандарга жогоруда айтылган жагдайлар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү гана берилүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.