Министрлер кабинети кан тапшырган донорлорго төлөнүүчү компенсациянын суммасын бекитти
Министрлер кабинети «Кан жана анын компоненттеринин донорлоруна акчалай компенсация төлөө жөнүндө» токтомду бекитти. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине төмөнкүдөй акчалай компенсация төлөөнү камсыздоо тапшырылды:
- кан же анын компоненттерин акысыз тапшырган донорго тамактануу үчүн үч эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (300 сом) компенсация;
- кан же анын компоненттерин акы төлөп тапшырган донорго бир жолку кан тапшырууга байланыштуу тамактануу үчүн сегиз эсептик көрсөткүч (800 сом);
- эки жолку плазмаферез аркылуу плазма же анын компоненттерин акы төлөп тапшырган донорго тамактануу үчүн он эки эсептик көрсөткүч (1200 сом);
- эки доза тромбоцитти тапшырган донорго акы төлөнүүчү негизде он эки эсептик көрсөткүч (1200 сом);
- эки жолку плазмаферез аркылуу иммундук плазманы тапшырган донорго акы төлөнүүчү негизде он алты эсептик көрсөткүч (1600 сом).
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.