Айжигитов менен жубайы үй камагына чыгарылды

Мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов жана анын жубайы Гүлзат Жолдошова тергөө мезгилинде, тактап айтканда 2-июнга чейин үй камагына чыгарылды.

Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 30-апрелде сот УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн Айжигитов менен Жолдошовага карата үй камагын колдонуу өтүнүчүн карап, аны канааттандырган.
 
Айжигитов менен Жолдошова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. УКМКнын маалыматына ылайык, Айжигитов Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган учурда жубайын жардамчысы катары мыйзамсыз ишке алган. Ошондой эле, мындай көрүнүш анын Баткен облусунун губернатору болуп турган учурунда да болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз