Кыргыз хокейчилеринин экинчи дивизиондогу бардык атаандаштары белгилүү болду
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын кийинки дүйнө чемпионатындагы бардык атаандаштары белгилүү болду.
2025-жылы кыргызстандыктар 21–27-апрелде Түркияда өткөн үчүнчү дивизиондун (А тобу) мелдешинде жеңүүчү болуп, алтын медаль утуп алышты жана 2026-жылдагы экинчи дивизиондун (В тобу) чемпионатына жолдомо алышты.
2026-жылы экинчи дивизиондун (В тобу) мелдешине төмөнкү алты курама команда катышат:
- Исландия – 2025-жылы экинчи дивизиондун (В тобу) 2-оруну;
- Жаңы Зеландия – 2025-жылы экинчи дивизиондун (В тобу) 3-оруну;
- Болгария – 2025-жылы экинчи дивизиондун (В тобу) 4-оруну;
- Кытай Тайбэи – 2025-жылы экинчи дивизиондун (В тобу) 5-оруну;
- Израиль – 2025-жылы экинчи дивизиондун (А тобу) 6-оруну;
- Кыргызстан – 2025-жылы үчүнчү дивизиондун (А тобу) 1-оруну.
2026-жылдагы дүйнө чемпионаты кайсы өлкөдө өтөрү май айында өтө турган Конгрессте белгилүү болот.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.