Кыргыз-Өзбек университетинде «Тюрингияда кыргызстандыктар үчүн билим берүү» аталышында форум өттү
31-март күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин башкы имаратында КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Германиянын Эрфурт шаарындагы Соода-өнөр жай палатасынын жана FAV Service gGmbH компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Тюрингияда кыргызстандыктар үчүн билим берүү" аталышындагы форум өттү.
Окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, Германиядан келген делегациянын өкүлдөрүнө сөз берүүнүн алдында, өнөктөш катары кол сунган германиялык ассоциация тууралуу кыскача маалымат берип, форумдун жүрүшүнө ийгилик каалады.
«Форумдун жүрүшүндө герман адистери тарабынан “Дүйнөдөгү экономикалык чакырыктарга карата Германиядагы дуалдык билим берүүнүн мисалында заман талабына жараша билим берүү менен бизнестин ортосундагы карым-катыштын жаңы моделдери” жана “Кыргызстандыктар үчүн билим берүү жана жумушка жайгаштыруу” багытындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу презентациялар жасалды.Ошондой эле Кыргызстандын адис-жетекчилери тарабынан “Эмгек рыногунун суроо-талаптарын эске алуу менен компетенттүү, квалификациялуу адистерди даярдоодогу ЖОЖдордун, кесиптик жана орто кесиптик окуу жайлардын мүмкүнчүлүктөрү” тууралуу кенен маалыматтар берилди»,- деп айтылат маалыматта.
Форумдун алкагында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин башкы имаратында "Немис тили жана маданияты" борбору ачылып, Кыргызстандыктарды Германияда ишке жайгаштырууга даярдоо жана ишке жайгаштыруу багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол коюлду.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.