1-июлдан тарта Куралдуу күчтөрдүн офицердик курамынын маянасы жогорулайт

1-июлдан тарта Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн офицердик курамынын айлыгы 35% га жогорулайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 8-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадда билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле 1-ноябрдан тарта контракттык кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин айлыгы да 35% га көбөйтүлөт.
 
Садыр Жапаровдун пикиринде, аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү коомдо татыктуу жашоого тийиш, ошондуктан алардын айлыгы 2025-жылдын 1-январынан тарта жогорулаган. Ошондой эле батир ижарасы үчүн компенсациянын көлөмү да көбөйтүлдү.
 
Президент белгилегендей, Кыргызстан бардык коңшу мамлекеттер менен чек араларын тактады жана чек арага зым тосмолорду тартуу иштери башталды.
 
«Биз дүйнөлүк коомчулукка жаңжалга алып келиши мүмкүн болгон маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө болорун көрсөтүп жатабыз», — деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз